Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 8

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
الفئة المستهدفة1
حجم المحتوى1
التخريج المتعدد6
التصنيف العقدي2
التخريج المتعدد: متفق عليه

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Жаназаны жерге берүүгө шашылгыла. Анткени, эгер ал жакшы адам болсо, аны жакшылыкка жеткирген болосуңар. Ал эми андай болбосо, моюнуңардагы жамандыкты түшүргөн болосуңар."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيحمل الميت ودفنه
«Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады, алар өздөрүнүн пайгамбарларынын кабырларын мечит кылып алышкан». Айша энебиз айтты: «Эгер ал (себеп) болбогондо, анын кабыры ачык жерге коюлмак. Бирок аны адамдар сыйына турган мечит кылып алууларынан коркушту».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيزيارة القبور، توحيد الألوهية
Абу Муса катуу ооруп, башы үй-бүлөсүндөгү бир аялдын тизесинде турганда эсинен танып калды. Ошол учурда тиги аял (өкүрүп ыйлап киргенде), ага эч нерсе деп жооп кайтара алган жок. Ал эми өзүнө келгенде мындай деди: «Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимден алыс болсо, мен да андан алысмын. Чындыгында, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башына кайгы түшкөндө өкүрүп-бакырып ыйлаган, чачын кырган (же жулган) жана үстүндөгү кийимин жырткан аялдардан алыс экенин билдирген».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالموت وأحكامه
"Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда, аны жүзүнөн алып салып жатты. Ал ошондой оор абалда жатып: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады. Алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышкан" - деп алардын кылгандарынан эскертип жатты".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيوفاته صلى الله عليه وسلم، زيارة القبور، توحيد الألوهية، الشركموضوعات الحديثأهمية التوحيد، اتخاذ القبور مساجدمحاور التعريف بالإسلامبطلان الشرك وصوره، الغلو في الأنبياء
"Биз жаназаны ээрчүүдөн тыйылганбыз, бирок бизге катуу тыюу салынган эмес."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيزيارة القبور
"Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыздарынын бири каза болгондо, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чыгып мындай деди: "Аны таза жана жыттуу суу менен үч, же беш, же туура көрсөңөр андан да көбүрөөк жуугула. Акыркысына кафур – же кафурдан бир аз – кошкула. Анан жууп бүткөнүңөрдө мага кабар бергиле". Ал айтты: Биз жууп бүткөндөн кийин ага кабар бердик. Ошондо ал бизге өзүнүн белден ылдый оронгон кийимин берип: "Муну анын денесине орогула", – деди. Ал дагы айтты: Анан биз анын чачын үч өрүм кылып өрдүк".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيغسل الميت
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизди жети нерсеге буюруп, жети нерседен тыйды: бизди оорулуудан кабар алууга, жаназага катышууга, чүчкүргөн адамга дуба кылууга, антты аткарууга – же ант ичкендин антын актоого, – зулумдук чеккенге жардам берүүгө, чакыргандын чакырыгына жооп берүүгө жана саламды жайылтууга буйруду. Жана бизди алтын шакектерден – же алтын шакек тагынуудан –, күмүш идиштен ичүүдөн, жибек төшөнчөдөн, жибек аралаш кийимден, ошондой эле жибектин бардык түрлөрүн кийүүдөн тыйды."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالآداب الشرعية، حمل الميت ودفنه
«Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, чакырган болсо баруу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чүчкүрсө "ярхамукаллах" деп айтуу».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالمجتمع المسلم، آداب السلام والاستئذان، آداب العطاس والتثاؤب، آداب عيادة المريض، حمل الميت ودفنهموضوعات الحديثأداء حق الميت، عيادة المريض، السلام، تشميت العاطس، النصيحةمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق