عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
Ал Атаа ибн Абу Рабахка: "Сага бейиштик аялды көрсөтөйүнбү?" - деди. Мен: "Ооба" - дедим. Ал айтты: "Ушул кара аял. Ал Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Менин талмам кармайт жана денем ачылып калат, мен үчүн Аллахка дуба кылыңыз" - деди. Ал: "Эгер кааласаң сабыр кыл, сага бейиш болот, эгер кааласаң сени айыктырышын сурап Аллахка дуба кылайын" - деди. Аял: "Сабыр кылам" — деди да, артынан: "Бирок (талмам кармаганда) денем ачылып калат, денем ачылбашы үчүн Аллахка дуба кылыңыз" - деп суранды. Андан соң Пайгамбар ал аял үчүн дуба кылды."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالطب والتداوي والرقية الشرعية، أحكام النساء، الإيمان بالقضاء والقدر
"Укл жана Урайна уруусунан бир канча адамдар Мединага келишти. Аларга ал жердин абасы жакпай ооруп калышканда, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга саамал төөлөргө барып, алардын заарасы менен сүтүнөн ичүүнү буйруду. Алар (айтылган жерге) жөнөп кетишти. Ошентип алар айыгып, сакайган кезде, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төө багуучусун өлтүрүп, төөлөрдү айдап кетишти. Бул кабар Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен жетти. Ошондо ал алардын артынан куугун жиберди. Ошентип күн көтөрүлгөндө аларды кармап келишти. Пайгамбардын буйругу менен алардын кол-буттары кесилип, көздөрүнө ысыган темир басылды жана алар аптаптуу таштак жерге ташталды. Алар суу сурап жатышты, бирок аларга суу берилген жок."
Абу Килаба айтты: "Бул адамдар уурулук кылышты, киши өлтүрүштү, ыйманга келгенден кийин кайра каапыр болушту жана Аллах менен Анын Элчисине каршы согуш ачышты."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالطب النبوي، حد قطاع الطريق، حد الردة
"Ооруунун жугуусу, куш менен төлгө тартуу, үкү конгон үйдө жамандык болот деп ырым кылуу, Сафар айына ырым кылуу, мунун баары жок нерселер. Пес оорусу менен ооруган адамдан арстандан качкандай качкыла".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالطب النبوي، أحكام الطب والتداوي، أعمال القلوب، شهر صفر، توحيد الربوبية، توحيد الألوهية، الشركموضوعات الحديثأهمية التوحيد، الشرك بالله وأقسامه، الإيمان بالقدر خيره وشره، التوكلمحاور التعريف بالإسلامبطلان الشرك وصوره، موافقة الإسلام للعقل
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) оорулууга келгенде, ага дуба кылып мындай дечү: «Оо жамандыкты кетирүүчү, адамдардын Раббиси, шыпаа бер, Сен шыпаа берүүчүсүң, Сенин шыпааңдан башка шыпаа жок, оору кайра кайталанбай тургандай шыпаа бере көр!»
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالرقية الشرعية وأحكامها، آداب عيادة المريض
"Бул тууну эртең Аллахтын каалоосу менен жеңишке жете турган адамдын колуна карматам. Ал Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адам. Аллах жана Анын элчиси да аны жакшы көрөт". Бул түнү адамдардын баары тууну кимисине берер экен деп ойлонуп чыгышты. Эртеси таңда баары мага берип калар бекен деген үмүт менен Аллахтын элчисинин жанына чогулушту. Ал: "Али бин Абуталиб кайда жүрөт?" - деп сурады. Анын көзү ооруп калыптыр - деди бирөөлөр. "Аны чакырып келгенге бирөөнү жөнөткүлө" - деди. Алини чакырып келишти эле, пайгамбарыбыз куттуу шилекейин анын көзүнө сүртүп, дуба кылды. Көзү такыр оорубагандай болуп, дароо айыгып калды. Анан анын колуна тууну карматты. Али: О, Аллахтын элчиси, алар биз сыяктуу мусулман болгонго чейин согуша берейинби? - деп сурады. "Алардын чептерине жеткениңден кийин аларга Исламга кирүүсүн сунуш кыл. Эгер кабыл кылышса, аларга тиешелүү Аллахтын акыларын айтып түшүндүр. Аллахка ант берип айтамын, Аллах сенин себебиң менен бир адам туура жолго салса, бул сага кызыл төөлөргө ээ болгонуңдан да жакшы" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالصحابة وفضلهم، الطب والتداوي والرقية الشرعية، فضل الدعوة إلى الله وأحكامها، غزواته وسراياه صلى الله عليه وسلم، أحكام ومسائل الجهاد وآدابه، دلائل النبوةموضوعات الحديثالدعوة إلى الله، الصحابة رضي الله عنهممحاور التعريف بالإسلاملا يقبل الله غير دين الإسلام، عدل الإسلام