Skip to content

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мааниси кеңири, жалпы жакшылыкты камтыган дубаларды кылууну жакшы көрөр эле жана башка (себепсиз созулган же майдаланган) дубаларды калтырар эле.

Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

«Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мааниси кеңири, жалпы жакшылыкты камтыган дубаларды кылууну жакшы көрөр эле жана башка (себепсиз созулган же майдаланган) дубаларды калтырар эле».

كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَسْتَحِبُّ الْجَوَامِعَ مِنَ الدُّعَاءِ، وَيَدَعُ مَا سِوَى ذَلِكَ.

Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнө жана акыреттин бардык жакшылыктарын камтыган, сөзү аз, бирок мааниси терең, Аллах Таалага мактоолорду жана эң кайырлуу тилектерди камтыган дубаларды кылууну жакшы көрөр эле, ал эми башка ашыкча дубаларды калтырар эле.

Хадистин пайдалары

Дуба кылганда жакшы маанилерди камтыган жөнөкөй, жеңил сөздөрдү колдонуу зарыл. Ал эми суроодо ашыкча жасалмалуулукка, муйдуңдап аша чабууга же уйкаштык кууганга жол берүү жактырылбайт, анткени бул Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) суннотуно карама-каршы келет.

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аз сөз менен улуу маанилерди камтыган кыска, нуска жана терең сөздөрү («жавамиъ ал-калим») менен өзгөчөлөнгөн.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтканы анык суннөттө бекитилген дубалар сөзү көп же узун болсо да, аларды окууга умтулуу керек. Анткени алардын бардыгы эки дүйнөнүн тең жакшылыгын камтыган эң калыс жана берекелүү дубалардан болуп саналат.

Булактар

Сунан Абу Дауд (2/ 605) (1482).

Муснад Ахмад (42/ 76) (25151).

Сунан Абу Дауд (2/ 605) (1482).

Муснад Ахмад (42/ 76) (25151).

Дагы (16)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 542).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1003).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 15).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (17/ 349).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 542).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1003).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 15).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (17/ 349).