Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (Рамазандын) акыркы он күнү киргенде түндү ибадат менен өткөрүп, үй-бүлөсүн ойготуп, катуу аракет кылып, белин бекем бууган.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصيامالعشر الأواخر من رمضان
шеМомундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
«Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (Рамазандын) акыркы он күнү киргенде түндү ибадат менен өткөрүп, үй-бүлөсүн ойготуп, катуу аракет кылып, белин бекем бууган».
كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا دَخَلَ الْعَشْرُ أَحْيَا اللَّيْلَ، وَأَيْقَظَ أَهْلَهُ، وَجَدَّ وَشَدَّ الْمِئْزَرَ.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Рамазан айынын акыркы он күнү киргенде, түндү толугу менен ибадат менен өткөрүп, үй-бүлөсүн намазга ойгото турган. Ал ибадатка адаттагыдан да көбүрөөк аракет кылып, ага толугу менен берилген жана аялдарынан оолак болгон.
Жакшы иш-амалдарды аткаруу менен пазилеттүү убакыттарды туура пайдаланууга кызыктыруу, үндөө.
Имам Навави (ага Аллах ырайым кылсын) минтип айткан: «Бул хадисте Рамазандын акыркы он күнүндө ибадаттарды көбөйтүү жана ал түндөрдү ибадат менен өткөрүү абзел экендиги айтылган».
Пенде үй-бүлөсүн ибадатка буйрууга аракет кылуусу жана аларга сабыр кылуусу керек.
Жакшылыктарды кылуу чечкиндүүлүктү, сабыр кылууну жана чыдамкайлыкты талап кылат.
Имам Навави минтип айткан: «Аалымдар "белин бекем бууду" деген сөздүн мааниси тууралуу ар кандай пикирлерди билдиришкен. Айрымдар мунун маанисин Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башка убактарга караганда ибадатка өзгөчө күч-аракет жумшоосу деп түшүндүрүшкөн. Анткени адатта "бул иш үчүн белимди бекем буудум" деп белсенип киришкенди жана башка иштерден бошогонду айтышат. Ошондой эле бул сөз ибадатка толугу менен алек болуу үчүн аялдарынан оолак болуу деген каймана маанини туюнтат деп да айтылган».
Сахих ал-Бухари (3/ 47) (2024).
Сахих Муслим (2/ 832) (1174).
Сахих ал-Бухари (3/ 47) (2024).
Сахих Муслим (2/ 832) (1174).
Дагы (8)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 132).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 181).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 132).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 181).
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 1 «كان رسولُ الله صلى الله عليه وسلم إذَا دَخَلَ الْعَشْرُ أحيَا اللَّيْلَ، وَأيْقَظَ أهْلَهُ، وَجَدَّ وَشَدَّ المِئْزَرَ».
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 6«كَانَ رَسُولُ الله صلى الله عليه وسلم إذَا دَخَلَ العَشرُ أحيَا اللَّيْلَ، وأيْقَظَ أهْلَهُ، وَشَدَّ المِئْزرَ».