Skip to content

Бир тууганыңа заалым болсо да, зулум чеккен болсо да жардам бер.

Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтты:

«Бир тууганыңа заалым болсо да, зулум чеккен болсо да жардам бер». Ошондо бир киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, ал зулум чеккен болсо ага жардам берем, бирок заалым болсо ага кантип жардам берем?» – деп сурады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Аны зулумдуктан тыясың, мына ушул – ага жардам бергениң».

«انْصُرْ أَخَاكَ ظَالِمًا أَوْ مَظْلُومًا». فَقَالَ رَجُلٌ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أَنْصُرُهُ إِذَا كَانَ مَظْلُومًا، أَفَرَأَيْتَ إِذَا كَانَ ظَالِمًا كَيْفَ أَنْصُرُهُ؟ قَالَ: « تَحْجُزُهُ -أَوْ تَمْنَعُهُ- مِنَ الظُّلْمِ؛ فَإِنَّ ذَلِكَ نَصْرُهُ».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулманды мусулман бир тууганына заалым болсо да, зулум чеккен болсо да жардам берүүгө буйруду. Ошондо бир киши: Оо, Аллахтын Элчиси, ал зулум чеккен болсо андан зулумдукту четтетүү менен ага жардам берем, бирок заалым болсо ага кантип жардам берем? - деди. Пайгамбар айтты: Аны зулумдуктан кайтарасың, колунан кармап зулумдуктан токтосун, мына ушул – анын шайтанына жана жамандыкка буюруучу напсисине каршы ага жардам бергениң.

Хадистин пайдалары

Мусулмандардын ортосундагы ыйманга негизделген бир туугандыктын акыларынын бирин эскертүү.

Заалымды токтотуу жана аны зулумдук кылуудан тыйуу.

Ислам дининин жахилият түшүнүктөрүнө каршы келиши. Анткени алар өздөрү зулумдук көргөн болобу же башкаларга зулумдук кылган болобу, бири-бирин колдоп, жардам беришкен.

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 128) (2443).

Сахих ал-Бухари (3/ 128) (2443).

Дагы (8)

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (2/ 589).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 326).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (2/ 589).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 326).