Skip to content

Кыямат күнү күн макулуктарга алардан бир мил өлчөмдө калганга чейин жакындатылат.

Микдад ибн Асуад (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум:

«Кыямат күнү күн макулуктарга алардан бир мил өлчөмдө калганга чейин жакындатылат». Сулайм ибн Аамир айтты: Аллахка ант ичем, мил деген сөз менен эмнени максат кылганын билбейм: жер бетиндеги аралыктыбы, же көзгө сурма коюучу милдиби (таякчаныбы)? Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Ошондо адамдар кылган амалдарына жараша терге батышат. Алардын арасында тер кызыл ашыгына чейин жеткендери болот, тизесине чейин жеткендери болот, белине чейин жеткендери болот жана тер жүгөн сыяктуу оозуна чейин жетип калгандары болот». Сулайм айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колу менен оозуна ишарат кылды.

«تُدْنَى الشَّمْسُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ مِنَ الْخَلْقِ، حَتَّى تَكُونَ مِنْهُمْ كَمِقْدَارِ مِيلٍ»، قَالَ سُلَيْمُ بْنُ عَامِرٍ: فَوَاللهِ مَا أَدْرِي مَا يَعْنِي بِالْمِيلِ؟ أَمَسَافَةَ الْأَرْضِ، أَمِ الْمِيلَ الَّذِي تُكْتَحَلُ بِهِ الْعَيْنُ قَالَ: «فَيَكُونُ النَّاسُ عَلَى قَدْرِ أَعْمَالِهِمْ فِي الْعَرَقِ، فَمِنْهُمْ مَنْ يَكُونُ إِلَى كَعْبَيْهِ، وَمِنْهُمْ مَنْ يَكُونُ إِلَى رُكْبَتَيْهِ، وَمِنْهُمْ مَنْ يَكُونُ إِلَى حَقْوَيْهِ، وَمِنْهُمْ مَنْ يُلْجِمُهُ الْعَرَقُ إِلْجَامًا» قَالَ: وَأَشَارَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِيَدِهِ إِلَى فِيهِ.

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү күн макулуктарга жакындатылып, ал тургай алардын баштарынан бир мил өлчөмүндөй аралыкта гана калаарын кабар берди. Табиин Сулайм ибн Аамир айтты: "Аллахка ант болсун, ал эки милдин кайсынысын назарда тутканын билбейм: жердин аралыгынбы же көзгө сурма коюучу таякчаныбы?" Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: Алар амалдарына жараша терге батышат. Алардын айрымдарынын тери кызыл ашыгына чейин, айрымдарыныкы тизесине чейин, айрымдарыныкы белине жана кур байланган жерине чейин болот. Ал эми айрымдарынын тери оозуна чейин жетип, сүйлөөдөн тосот. Сулайм айтты: Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колу менен оозуна ишара кылды.

Хадистин пайдалары

Кыямат күнүнүн коркунучтуу абалын баяндоо жана андан коркутуу.

Адамдар кыямат күнүндө сурак майданында кылган амалдарына жараша кыйынчылыкта болушат.

Жакшы амалдарга кызыктыруу жана жаман амалдардан коркутуу.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2196) (2864).

(4/ 2196) (2863).

Сахих Муслим (4/ 2196) (2864).

(4/ 2196) (2863).

Дагы (10)

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 368).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 475).

المعجم الوسيط (2/ 816).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 368).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 475).

المعجم الوسيط (2/ 816).