Skip to content

Аллахка ант ичем, силердин кимиңер өз акысы болбогон нерсени алса, Кыямат күнү ал ошол нерсени көтөргөн абалда Аллахка жолугат.

Абу Хумайд Ас-Сааиьди (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Бани Сулайм уруусунун садакаларын жыйноого Ибн Аль-Лутбийя деген бир адамды дайындады. Ал келип, эсеп бергенде: «Бул силердин мал-мүлкүңөр, ал эми бул мага берилген белек» - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Эгер сен чынчыл болсоң, ата-энеңдин үйүндө отурбайт белең, белегиң сага өзү келмек бекен?!» - деди. Андан кийин ал бизге хутба айтты, Аллахка мактоо айтып, даңазалап анан мындай деди: «Андан соң, Аллах мага тапшырган иштерге мен силерден бир адамды дайындаймын. Анан ал келип: "Бул силердин мал-мүлкүңөр, ал эми бул мага берилген белек" - деп айтат. Ал ата-энесинин үйүндө отура бербейт беле, белеги ага өзү келмек бекен?! Аллахка ант ичем, силердин кимиңер өз акысы болбогон нерсени алса, Кыямат күнү ал ошол нерсени көтөргөн абалда Аллахка жолугат. Мен силерден кимдир бирөөнүн боздогон төө, же мөөрөгөн уй, же маараган койду көтөрүп Аллахка жолукканын албетте тааныймын». Андан кийин ал колтугунун агы көрүнгөнгө чейин колун көтөрүп: «Оо, Аллах, мен жеткирдимби?» - деп айтты. Муну көзүм көрүп, кулагым укту.

اسْتَعْمَلَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ رَجُلًا عَلَى صَدَقَاتِ بَنِي سُلَيْمٍ، يُدْعَى ابْنَ اللُّتْبِيَّةِ، فَلَمَّا جَاءَ حَاسَبَهُ، قَالَ: هَذَا مَالُكُمْ وَهَذَا هَدِيَّةٌ. فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «فَهَلَّا جَلَسْتَ فِي بَيْتِ أَبِيكَ وَأُمِّكَ، حَتَّى تَأْتِيَكَ هَدِيَّتُكَ إِنْ كُنْتَ صَادِقًا» ثُمَّ خَطَبَنَا، فَحَمِدَ اللَّهَ وَأَثْنَى عَلَيْهِ، ثُمَّ قَالَ: «أَمَّا بَعْدُ، فَإِنِّي أَسْتَعْمِلُ الرَّجُلَ مِنْكُمْ عَلَى العَمَلِ مِمَّا وَلَّانِي اللَّهُ، فَيَأْتِي فَيَقُولُ: هَذَا مَالُكُمْ وَهَذَا هَدِيَّةٌ أُهْدِيَتْ لِي، أَفَلاَ جَلَسَ فِي بَيْتِ أَبِيهِ وَأُمِّهِ حَتَّى تَأْتِيَهُ هَدِيَّتُهُ، وَاللَّهِ لاَ يَأْخُذُ أَحَدٌ مِنْكُمْ شَيْئًا بِغَيْرِ حَقِّهِ إِلَّا لَقِيَ اللَّهَ يَحْمِلُهُ يَوْمَ القِيَامَةِ، فَلَأَعْرِفَنَّ أَحَدًا مِنْكُمْ لَقِيَ اللَّهَ يَحْمِلُ بَعِيرًا لَهُ رُغَاءٌ، أَوْ بَقَرَةً لَهَا خُوَارٌ، أَوْ شَاةً تَيْعَرُ» ثُمَّ رَفَعَ يَدَهُ حَتَّى رُئِيَ بَيَاضُ إِبْطِهِ، يَقُولُ: «اللَّهُمَّ هَلْ بَلَّغْتُ» بَصْرَ عَيْنِي وَسَمْعَ أُذُنِي.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ибн Аль-Лутбия деген кишини Бану Сулайм уруусунан зекет жыйноого дайындады. Ал Мадинага кайтып келгенде, андан эмнени алып, эмнени сарптагандыгы тууралуу эсеп алды. Ошондо Ибн ль-Лутбия мындай деди: Бул мен зекеттен жыйнаган силердин мал-дүйнөңөр, ал эми бул акча мага белекке берилди. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай деди: Эгер чынчыл болсоң, сага белек берилет бекен көрүү үчүн ата-энеңдин үйүндө отурбайт белең; анткени сен аткарган милдеттер сага белек берилишине себеп болду. Эгер сен өз үйүңдө отурганыңда сага эч нерсе белек кылынмак эмес. Ошондуктан, ал сага жөн гана белек катары келгендиги үчүн эле аны өзүңө адал кылып алууң туура эмес. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ачууланган абалда хутба айтуу үчүн минбарга чыгып, Аллахка мактоо айтып, Аны даңктап, анан мындай деди: Андан соң: Чындыгында, мен силердин араңардан бир кишини Аллах мага тескөөнү тапшырган зекеттерге жана олжолорго кызматкер кылып дайындаймын. Анан ал ишинен кайтып келип, минтип айтат: Бул силерге, ал эми бул мага тартуу кылынган белек! Атасы менен энесинин үйүндө белеги келгенге чейин отура бербейт беле? Аллахка ант болсун, кимде-ким өзүнүн акысы болбой туруп берилген нерседен бир нерсе алса, Кыямат күнү аны мойнуна көтөргөн абалда Аллахка жолугат. Эгер анын алган нерсеси төө болсо, ал боздогон үн чыгарат, же уй болсо, ал мөөрөгөн үн чыгарат, же кой болсо, ал маарап үн чыгарып турат. Анан отургандар анын эки колтугунун актыгын көргөнгө чейин колдорун абдан жогору көтөрдү, андан кийин: Оо, Аллах, Аллахтын өкүмүн силерге жеткирдим, - деп айтты. Анан Абу Хумайд Ас-Сааиъдий (Аллах андан ыраазы болсун) бул анын өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен уккан нерселеринен экенин кабар берди.

Хадистин пайдалары

Башчы өзү менен иштегендерге алардан талап кылынган жана иштеринде тыюу салынган нерселерди баяндап берүүсү милдет.

Адамдардын мал-мүлкүн зулумдук менен алгандарга азап убада кылынган.

Кыямат күнү ар бир зулумдук кылган киши өзү кылган зулумдугун алып келет.

Мамлекеттик иштердин кайсынысында болбосун иштеген кызматкерге өзүнө тапшырылган ишти аткаруу милдет. Анын өз ишине байланыштуу белектерди алууга акысы жок. Эгерде алган болсо, анда аны байтул-малга (казынага) тапшыруусу керек. Аны өзү үчүн алууга уруксат берилбейт. Анткени ал жамандыкка жана аманатка кыянаттык кылууга алып баруучу каражат.

Ибн Баттал айтты: Хадис кызматкерге берилген белек анын кылган жакшылыгына ыраазычылык билдирүү, же ага жагынуу, же аткарылышы керек болгон акыдан кечип жиберүүсүнөн үмүт кылуу максатында берилерин көрсөтүп турат. Ошон үчүн Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага берилген мындай белектерде ал катардагы мусулмандардын бириндей эле экендигин, бул нерседе анын аларга караганда эч кандай артыкчылыгы жок экенин жана аны өзүнө гана энчилеп алууга уруксат берилбестигин белгилеген.

Ан-Навави айтты: Бул хадисте кызматкерлерге берилген белектер арам жана кыянаттык экени баяндалган. Анткени ал өзүнүн кызматына жана аманатына кыянаттык кылды. Ошон үчүн хадисте олжодон кыянаттык менен алган адамга айтылгандай эле, анын жазасы тууралуу жана Кыямат күнү өзүнө берилген белекти көтөрүп келери айтылган. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул эле хадисте ага белектин арам болуу себебин жана бул анын кызматына байланыштуу экенин баяндаган. Ал эми кызматкер эмес адамга берилген белек андай эмес, анткени ал мустахаб.

Ибн ал-Мунир минтип айткан: «Ата-энесинин үйүндө отура бербейт беле» деген сөздөн буга чейин белек берип жүргөн адамдан белекти кабыл кылуу дурус экендиги келип чыгат." Ибн Хажар минтип айткан: "Бул уруксат белектин өлчөмү адаттагыдан ашып кетпеген учурга гана тиешелүү экендиги белгилүү.

Пайгамбардын насаат кылуудагы ыкмасы – атын атап уяткаруу эмес, жалпылап айтуу.

Ибн Хажар минтип айткан: Мында аманат тапшырылган адамдан эсеп суроо шариятта уруксат экени айтылган.

Ибн Хажар минтип айткан: "Хадисте ката кетирген адамды жемелөөгө уруксат бар."

Дуба кылганда колдорду көтөрүү мустахаб.

Булактар

Сахих ал-Бухари (9/ 28) (6979).

Сахих Муслим (3/ 1463) (1832).

Сахих ал-Бухари (9/ 28) (6979).

Сахих Муслим (3/ 1463) (1832).

Дагы (20)

جمهرة اللغة.

أبوبكر الأزدي (2/ 1067).

المعجم الوسيط.

مجمع اللغة العربية (2/ 1065).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 305).

تطرز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص166).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 234).

جمهرة اللغة.

أبوبكر الأزدي (2/ 1067).

المعجم الوسيط.

مجمع اللغة العربية (2/ 1065).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 305).

تطرز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص166).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 234).