Skip to content

«Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)».

Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага айтты:

«Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)».

«لَا تَحْقِرَنَّ مِنَ الْمَعْرُوفِ شَيْئًا، وَلَوْ أَنْ تَلْقَى أَخَاكَ بِوَجْهٍ طَلْقٍ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык кылууга жана ал жакшылык аз болсо да кем санабай аткарууга үндөдү. Мисалы: Жолугушканда жылмаюу менен жүз көрүшүү. Демек, мусулман бир тууганы менен ынак болушу үчүн жана аны кубандыруу үчүн аз болсо да жакшылык кылууга кызыктырыш керек.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Ыймандуулардын арасындагы сүйүүнүн пазилети чоң. Жолугушууда жылмаюу жана кубаныч тартуулоо керек.

Бул шарият толук жана ар тараптуу. Шариятта мусулмандардын оңолуусу жана алардын сөзүн бириктирүү тууралуу бардык нерселер келген.

Аз болсо да жакшылык кылууга үндөө керек.

Мусулмандарга кубаныч тартуулоо сооптуу. Анткени бул алардын ортосундагы үлпөттүүлүктү күчөтөт.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2026) (2626).

(1/ 572).

Дагы (7)

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (10/ 119).

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

للبسام (7/ 341).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 20).