Skip to content

Кадыр кечесин Рамазан айынын акыркы он күнүнүн так түндөрүнөн издегиле!

Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«Кадыр түндү Рамазан айынын акыркы он күнүнүн так түндөрүнөн издегиле!».

«تَحَرَّوْا لَيْلَةَ القَدْرِ فِي الوِتْرِ مِنَ العَشْرِ الأَوَاخِرِ مِنْ رَمَضَانَ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Кадыр түнүн саалих (жакшы) амалдарды көбүрөөк кылуу менен издөөгө жана тосууга үндөгөн. Бул улуу түн ар жылы Рамазан айынын акыркы он күнүнүн так түндөрүнө туш келери көбүрөөк үмүт кылынат. Ал түндөр: жыйырма биринчи, жыйырма үчүнчү, жыйырма бешинчи, жыйырма жетинчи жана жыйырма тогузунчу түндөр болуп саналат.

Хадистин пайдалары

Кадыр түндүн пазилети жана аны издөөгө үндөө.

Адамдар бул түндү издеп, ибадат кылууга көбүрөөк аракет кылышы жана сооптору көбөйүшү үчүн анын убактысын жашыруун (сыр) кылып койгону — Аллахтын даанышмандыгы менен ырайымдуулугунан.

Кадыр кечеси Рамазан айынын акыркы он күнүндө, ал эми анын так түндөрүндө болуусу көбүрөөк үмүт кылынат.

Кадыр түнү — Рамазандын акыркы он түнүнүн бири. Бул түнү Аллах Таала Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды түшүргөн жана бул түндү берекеси, улуулугу, ошондой эле андагы жакшы амалдардын сооп-таасири жагынан миң айдан да артык (жакшы) кылган.

«Кадыр түн» деп аталуусунун биринчи себеби — анын улуулугунан улам. Бул «баланчанын кадыр-баркы бийик» деп айтылгандай маанини билдирет. Демек, бул жерде түндүн «кадыр» сөзүнө айкалышып айтылуусу нерсенин өз сыпатына таандык кылынышынан болот, башкача айтканда, «кадырлуу түн» дегенди түшүндүрөт. Тактап айтканда, бул анын улуулугун, кадыр-баркын жана даражасынын бийиктигин көрсөтөт. Буга Аллах Тааланын: «Чындыгында, Биз аны (Куранда) берекелүү түндө түшүрдүк» деген сөзү далил. (Духан сүрөсү, 3-аят) Же болбосо, бул аталыш «такдир» (өлчөп белгилөө, тагдыр) маанисинен алынган. Мында түндүн мындай аталуусу ошол убакыттын ичинде боло турган окуяларга байланыштуу болот. Башкача айтканда, бул түн — алдыдагы жыл ичинде боло турган иштердин тагдыры белгилене турган түн. Бул тууралуу Куранда: «Ал түндө бардык хикматтуу иштер ажыратылат» деп айтылган.(Духан сүрөсү, 4-аят)

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 46) (2017).

Сахих Муслим (2/ 828) (1169).

Сахих ал-Бухари (3/ 46) (2017).

Сахих Муслим (2/ 828) (1169).

Дагы (8)

تيسير العلام.

لعبد الله البسام (ص347).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (3/ 470).

تيسير العلام.

لعبد الله البسام (ص347).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (3/ 470).