Skip to content

Чындыгында, Мухаммаддын үй-бүлөсүнө күйөөлөрүнүн үстүнөн арызданып көптөгөн аялдар келишти. Алар силердин жакшыңар эмес

Ийас ибн Абдуллах ибн Абу Зубаб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Аллахтын күңдөрүн урбагыла!» Ошондо Умар Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: «Аялдар күйөөлөрүнө баш ийбей калышты», - деди. Ошондо ал аларды урууга уруксат берди. Андан соң Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлөсүнө күйөөлөрүнүн үстүнөн арызданып көптөгөн аялдар келишти. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: «Чындыгында, Мухаммаддын үй-бүлөсүнө күйөөлөрүнүн үстүнөн арызданып көптөгөн аялдар келишти. Алар (аялдарын ургандар) силердин жакшыңар эмес».

«لَا تَضْرِبُوا إِمَاءَ اللَّهِ» فَجَاءَ عُمَرُ إِلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ: ذَئِرْنَ النِّسَاءُ عَلَى أَزْوَاجِهِنَّ، فَرَخَّصَ فِي ضَرْبِهِنَّ، فَأَطَافَ بِآلِ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ نِسَاءٌ كَثِيرٌ يَشْكُونَ أَزْوَاجَهُنَّ، فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَقَدْ طَافَ بِآلِ مُحَمَّدٍ نِسَاءٌ كَثِيرٌ يَشْكُونَ أَزْوَاجَهُنَّ، لَيْسَ أُولَئِكَ بِخِيَارِكُمْ».

Абу Дауд жана Ибн Маажа риваят кылган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарды уруудан тыйган, ошондо момундардын амири Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) келип, минтип айткан: Оо, Аллахтын Элчиси! Аялдар күйөөлөрүнө каршы батынып (баш көтөрүп) калышты жана алардын кулк-мүнөздөрү бузулду. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер күйөөсүнүн акысын аткаруудан баш тартуу, ага баш ийбөө жана ушул сыяктуу себептер табылса, аялдарды чектен чыкпастан (денесине зыян келтирбеген, из калтырбаган) урууга уруксат берген. Андан кийин Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жубайларына аялдар келип, күйөөлөрү аларды катуу сабаганына жана бул уруксатты туура эмес пайдаланганына даттанышты. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: Аялдарын катуу уруп-сабаган бул эркектер силердин жакшыңар эмес.

Хадистин пайдалары

Аялдарга жакшы мамиле кылуунун пазилетин баяндоо. Аларга сабыр кылуу жана кетирген кемчиликтерине көз жумуу аларды уруудан абзел экендигин түшүндүрүү.

Аллах Таала урууну бейбаштыкты дарылоонун акыркы баскычы кылып, мындай деди: (Силер бейбаштыгынан корккон аялыңарга (оболу эң жакшы сөздөр менен) насаат айткыла. Анан (насаат пайда бербесе, катуу сүйлөбөй) төшөктө жалгыз калтыргыла жана (ушуну менен да оңолбосо, катаалдык кылбай) ургула. Эгер силерге баш ийип калса, аларга каршы башка жол издебегиле. Албетте, Аллах эң Улук, эң Жогору!) [Ниса: 34]. Бул үч нерсе бир убакта чогуу эмес, ирети менен аткарылат. Оболу насаат айтып, эскертүү менен баштайт, эгер пайда берсе, Аллахка шүгүр. Эгер ал пайда бербесе, төшөктө жалгыз калтырат. Эгер мындан да пайда чыкпаса, өч алуу үчүн эмес, адептеш үчүн урат.

Эркек киши үйүндө башчы, ошондуктан аларды даанышмандык жана жакшы насаат менен тарбиялоого жана адеп берүүгө милдеттүү.

Аалымдын чыгарган фатвасынын келечектеги кесепеттерин жана натыйжаларын билүү үчүн, ага кайра кайрылуунун (фатваны кайра карап чыгууну суроонун) уруксат экендиги.

Эгер даттанган адам зыян тартса, башчыга же аалымга даттанууга уруксат.

Булактар

Сунан Абу Дауд (3/ 479) (2146).

Сунан Ибн Маажа (3/ 152) (1985).

Сунан Абу Дауд (3/ 479) (2146).

Сунан Ибн Маажа (3/ 152) (1985).

Дагы (8)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 363).

مرقاة المفاتيح.

لعلي القاري (5/ 2127).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 363).

مرقاة المفاتيح.

لعلي القاري (5/ 2127).