"Оо, адамдар! Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларга пайгамбарларга буйруган нерсени буйруган.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Оо, адамдар! Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларга пайгамбарларга буйруган нерсени буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, пайгамбарлар! Таза, адал нерседен жегиле! Ийги иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн" (Муминун, 51-аят). Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...”!" деген (Бакара, 172-аят). Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алыс сапарга чыгып, чачы саксайып жүдөгөн, үстү-башын чаң баскан адам колун өйдө көтөрүп: “ “Оо, Раббим, оо, Раббим” деп дуба кылганын эскерип, анан мындай деди: “Анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арамдан азыктанат. Анан анын дубасы кантип кабыл болсун?!”
«أَيُّهَا النَّاسُ، إِنَّ اللهَ طَيِّبٌ لَا يَقْبَلُ إِلَّا طَيِّبًا، وَإِنَّ اللهَ أَمَرَ الْمُؤْمِنِينَ بِمَا أَمَرَ بِهِ الْمُرْسَلِينَ، فَقَالَ: {يَا أَيُّهَا الرُّسُلُ كُلُوا مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَاعْمَلُوا صَالِحًا، إِنِّي بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ} [المؤمنون: 51] وَقَالَ: {يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُلُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا رَزَقْنَاكُمْ} [البقرة: 172] ثُمَّ ذَكَرَ الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَرَ أَشْعَثَ أَغْبَرَ، يَمُدُّ يَدَيْهِ إِلَى السَّمَاءِ: يَا رَبِّ، يَا رَبِّ، وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ، وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ، وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ، وَغُذِيَ بِالْحَرَامِ، فَأَنَّى يُسْتَجَابُ لِذَلِكَ؟».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Аллах Таала Таза, Ыйык, айып, кемчиликтерден аруу, толук сыпаттар менен сыпатталган. Сөздөрдүн, амалдардын, ишенимдердин тазасын гана кабыл кылат. Мындай ибадаттар калыс Аллах үчүн анан пайгамбардын көрсөткөн тартибинде болушу керек. Аллах Таалага ушндай жол менен гана жакындоого болот. Ыймандуу адам үчүн анын эң таза амалы - таза, адал ырыскы менен азыктануусу. Ошон үчүн Аллах Таала ыймандууларды пайгамбарларды буйругандай таза, адал тамактанууга жана жакшы амалдарды аткарууга буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, пайгамбарлар! Таза, адал нерседен жегиле! Ийги иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн". Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...”!" деген. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким арамдан ырыскы жесе, анысы аткарган амалын бузуп, анын сырткы көрүнүшү кабыл боло тургандай көрүнсө да, кабыл болбой каларын эскерткен. Кабыл боло тургандай көрүнгөн сырткы көрүнүштөр булар: Биринчи: Ажылык, жихад, же туугандар менен байланышуу сыяктуу Аллахка таат кылуу максатында болгон узун сапарлар. Экинчи: таралбай чатышып калган чачы, чаң басып калган кийими, анын муктаж экендигинен кабар берет. Үчүнчү: Колун асманга сунуп дуба кылганы. Төртүнчү: Аллахтын ысымдарын ортого салып, Оо, Раббим! Оо, Раббим! - деп жалбарганы. Ушундай себептердин болуусуна карабай анын дубасы кабыл болбойт. Анткени, анын жегени, ичкени, кийгени баары арамдан. Арам менен азыктанган. Мындай адамдын дубасы кайдан кабыл болмок эле.
Аллах Таала затында, сыпаттарында, иштеринде жана өкүмдөрүндө кемчиликсиз толук.
Амалдар калыс Аллах үчүн, анан пайгамбар көрсөткөн тартипте болуусу буйрулган.
Амал кылууга үндөгөн учурда шыктандыруучу сөздөрдү пайдаланууга болот. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аллах Таала элчилерди буйруган нерсеге ыймандууларды да буйруган" - деп айтты. Ыймандуулар аларга буйрулуп жаткан иштер пайгамбарларга да буйрулганын билген соң ошол амалдарды кылууга шыктанып, аракет кылышат.
Дубанын кабыл болуусун тыйып койо турган иштердин бири - арам тамактануу.
Дубанын кабыл болуусуна себеп боло турган иштер бешөө: Бириничиси: Адамга кыйынчылык жараткан алыс сапар; Экинчиси: Адамдын жалбарган абалы; Үчүнчүсү: Колду асманга көтөрүү; Төртүнчүсү: Аллахтын рубубиятын кайталап Аллахка кайрылуу. Мындай кылуу дуба кабыл болуу үчүн өтө зарыл иштердин бири; Бешинчиси: жеген-ичкенинин адал, таза болуусу.
Адалдан тамактануу жакшы иш-амалдарды аткарууга жардам бере турган иштерден.
Ал-Каади (Ияд) минтип айткан: Таза ыпластын тескериси, эгер таза деген сыпат Аллах Таалага карата айтылса, бардык кемчиликтен таза, апааттардан алыс деген маани. А эгер бул сыпат менен пенде сыпатталса, жаман ахлактардан, бузук амалдардан таза, анын тескериси менен кооздолгон деген маани. Эгер мал-жандыктар сыпатталса жакшы мал-жандыктын адалдары максат кылынат.
Сахих Муслим (2/ 703) (1015).
Дагы (5)
التحفة الربانية في شرح الأربعين حديثًا النووية.
لإسماعيل الأنصاري (ص27).
شرح الأربعين النووية.
لابن عثيمين (ص141).
الأحاديث الأربعين النووية مع ما زاد عليها ابن رجب وعليها الشرح الموجز المفيد (ص22).
Китептерде келтирилген
17 КитептерДагы (17)
- الحديث زاد 4الحديث 4«أيّها النّاس، إنّ الله طيب لا يقبل إلا طيبًا...»
- رسالة موجزة عن الإسلام كما جاء في القرآن الكريم والسنة النبوية (مشتملة على الأدلة)رِسَالَةٌُ مُوجَزَةٌُ عَنِ الْإِسْلَامِ كَمَا جَاءَ فِي الْقُرْآنِ الْكَرِيمِ وَالسَّنَةِ النَّبَوِيَّة-مشتملة على الأدلة -للحرمين-«أَيُّهَا النَّاسُ، إِنَّ اللهَ طَيِّبٌ لَا يَقْبَلُ إِلَّا طَيِّبًا، وَإِنَّ اللهَ أَمَرَ المُؤْمِنِينَ بِمَا أَمَرَ بِهِ المُرْسَلِينَ، فَقَالَ: ﴿يَا أَيُّهَا الرُّسُلُ كُلُوا مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَاعْمَلُوا صَالِحًا، إِنِّي بِمَا تَعْمَلُ
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 8ثُمَّ ذَكَرَ: «الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَرَ، أَشْعَثَ أَغْبَرَ، يَمُدُّ يَدَيْهِ إلَىٰ السَّمَاءِ: يَا رَبِّ يَا رَبِّ، وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ، وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ، وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ، وَغُذِيَ بِالْحَرَامِ، فَأَنَّىٰ يُسْتَجَابُ لِذلِكَ؟!»
- شرح الأربعين النووية«إِنَّ الله أَمَرَ المُؤمنينَ بِمَا أَمَرَ بِهِ المُرسَلِيْنَ»،
- قاموس الكبائر موسوعة الكبائر - المجموعة الأولى«ذَكَرَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَرَ أَشْعَثَ أَغْبَرَ، يَمُدُّ يَدَيْهِ إِلَى السَّمَاءِ، يَا رَبِّ، يَا رَبِّ، وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ، وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ، وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ، وَغُذِّيَ بِالْحَرَامِ، فَأَنَّى يُسْتَجَابُ
- قاموس الكبائرموسوعة الكبائر - المجموعة الثانية«ذَكَرَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَرَ، أَشْعَثَ أَغْبَرَ، يَمُدُّ يَدَيْهِ إِلَى السَّمَاءِ، يَا رَبِّ، يَا رَبِّ، وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ، وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ، وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ، وَغُذِّيَ بِالْحَرَامِ، فَأَنَّى يُسْتَجَاب
- قاموس الكبائر«ذَكَرَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَرَ أَشْعَثَ أَغْبَرَ، يَمُدُّ يَدَيْهِ إِلَى السَّمَاءِ، يَا رَبِّ، يَا رَبِّ، وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ، وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ، وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ، وَغُذِّيَ بِالْحَرَامِ، فَأَنَّى يُسْتَجَابُ
- قاموس الكبائرموسوعة الكبائر - المجموعة الثانية«ذَكَرَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَرَ، أَشْعَثَ أَغْبَرَ، يَمُدُّ يَدَيْهِ إِلَى السَّمَاءِ، يَا رَبِّ، يَا رَبِّ، وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ، وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ، وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ، وَغُذِّيَ بِالْحَرَامِ، فَأَنَّى يُسْتَجَاب
- قاموس الكبائرموسوعة الكبائر - المجموعة الثالثة"ذَكَرَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَرَ، أَشْعَثَ أَغْبَرَ، يَمُدُّ يَدَيْهِ إِلَى السَّمَاءِ، يَا رَبِّ، يَا رَبِّ، وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ، وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ، وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ، وَغُذِّيَ بِالحَرَامِ، فَأَنَّى يُسْتَجَابُ
- قاموس الكبائرموسوعة الكبائر - المجموعة الرابعة«ذَكَرَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ وَسَلَّمَ الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَرَ، أَشْعَثَ أَغْبَرَ، يَمُدُّ يَدَيْهِ إِلَى السَّمَاءِ، يَا رَبِّ، يَا رَبِّ، وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ، وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ، وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ، وَغُذِّيَ بِالْحَرَامِ، فَأَنَّى
- قاموس الكبائرموسوعة الكبائر - المجموعة الرابعة«ذَكَرَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَرَ، أَشْعَثَ أَغْبَرَ، يَمُدُّ يَدَيْهِ إِلَى السَّمَاءِ، يَا رَبِّ، يَا رَبِّ، وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ، وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ، وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ، وَغُذِّيَ بِالْحَرَامِ، فَأَنَّى يُسْتَجَاب
- قاموس الكبائرموسوعة الكبائر - المجموعة الرابعة«أَيُّهَا النَّاسُ، إِنَّ اللَّهَ طَيِّبٌ لَا يَقْبَلُ إِلَّا طَيِّبًا، وَإِنَّ اللَّهَ أَمَرَ الْمُؤْمِنِينَ بِمَا أَمَرَ بِهِ الْمُرْسَلِينَ، فَقَالَ: ﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلرُّسُلُ كُلُواْ مِنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَٱعۡمَلُواْ صَٰلِحًاۖ إِنِّي بِمَا
- كتاب تعليم المسلم الجديد«إِنَّ اللهَ طَيِّبٌ لَا يَقْبَلُ إِلَّا طَيِّبًا»
- ما لا يسع أطفال المسلمين جهله«ثُمَّ ذَكَرَ الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَرَ، أَشْعَثَ أَغْبَرَ، يَمُدُّ يَدَيْهِ إِلَى السَّمَاءِ: يَا رَبِّ، يَا رَبِّ، وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ، وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ، وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ، وَغُذِيَ بِالحَرَامِ، فَأَنَّى يُسْتَجَابُ لِذَلِكَ»[17
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (3)، والسيرة النبوية (3)التربية الإٍسلامية -3- أن النبي ﷺ ذَكَرَ الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَرَ، أَشْعَثَ أَغْبَرَ، يَمُدُّ يَدَيْهِ إِلَى السَّمَاءِ، يَا رَبِّ، يَا رَبِّ، وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ، وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ، وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ، وَغُذِيَ بِالْحَرَامِ، فَأَنَّى يُسْتَجَابُ لِذَلِك
- نبراس طالب (4)1«إِنَّ اللهَ طَيِّبٌ لَا يَقْبَلُ إِلَّا طَيِّبًا»
- نبراس طالب (4)1«إن الله طَيِّبٌ لَا يَقْبَلُ إِلَّا طَيِّبًا».