Skip to content

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды такбир айтып, ал эми кыраатты "Алхамду лиллахи роббил ааламиин" менен баштачу.

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды такбир айтуу жана «Алхамду лиллаахи роббил ааламиин» деп кыраат кылуу менен баштачу. Үрүкү кылганда башын жогору да көтөрчү эмес, ылдый да түшүрчү эмес, экөөнүн ортосунда түз кармачу. Үрүкүдөн башын өйдө кылганда толук тике иурмайынча саждага эңкейчү эмес. Саждадан башын өйдө кылганда толук түз отурмайынча экинчи саждага эңкейчү эмес. Ар бир эки ирекеттен кийин ташахуд окучу. Сол бутун төшөп, оң бутун тике тургузчу. Ал шайтандын отурушунан кайтарчу жана билектерин жырткычтарга окшоп жерге төшөп алуусунан кайтарчу. Намазды салам берүү менен аяктачу.

كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَسْتَفْتِحُ الصَّلَاةَ بِالتَّكْبِيرِ، وَالقِرَاءَةِ، بِـ الحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ العَالَمِينَ، وَكَانَ إِذَا رَكَعَ لَمْ يُشْخِصْ رَأْسَهُ وَلَمْ يُصَوِّبْهُ، وَلَكِنْ بَيْنَ ذَلِكَ، وَكَانَ إِذَا رَفَعَ رَأْسَهُ مِنَ الرُّكُوعِ لَمْ يَسْجُدْ حَتَّى يَسْتَوِيَ قَائِمًا، وَكَانَ إِذَا رَفَعَ رَأْسَهُ مِنَ السَّجْدَةِ لَمْ يَسْجُدْ حَتَّى يَسْتَوِيَ جَالِسًا، وَكَانَ يَقُولُ فِي كُلِّ رَكْعَتَيْنِ التَّحِيَّةَ، وَكَانَ يَفْرِشُ رِجْلَهُ اليُسْرَى وَيَنْصِبُ رِجْلَهُ اليُمْنَى، وَكَانَ يَنْهَى عَنْ عُقْبَةِ الشَّيْطَانِ، وَيَنْهَى أَنْ يَفْتَرِشَ الرَّجُلُ ذِرَاعَيْهِ افْتِرَاشَ السَّبُعِ، وَكَانَ يَخْتِمُ الصَّلَاةَ بِالتَّسْلِيمِ.

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Момундардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазы тууралуу мындай деп эскерген: Ал намазын киришүү такбири менен баштап: «Аллаху Акбар» деп айтчу жана кыраатты Фатиха сүрөөсү менен баштачу: «Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун...». Кыямдан кийин үрүкү кылып, үрүкү учурунда башын өйдө да көтөрчү эмес, ылдый да түшүрчү эмес, түз кармачу. Үрүкүдөн өйдө болгондо, саждага кетерден мурда белин түздөп тике турчу. Ал эми биринчи саждадан өйдө болгондо, белин түзөп бир аз отурмайынча экинчи саждага кетчү эмес. Ал ар бир эки ирекеттен кийин ташахуд окууга отуруп: «Ат-тахиййату лиллахи вас-салавату ват-таййибат...», - деп айтчу. Эки сажданын ортосунда же ташахуд окууга отурганда, сол бутун төшөп ага отурчу, оң бутун тике кылчу. Намаз окуп жаткан адамдын намазында шайтан сыяктуу отуруусуна тыюу салган. Бул отуруу мындай – эки бутун жерге төшөп, согончокторуна отуруусу, же жамбашын жерге тийгизип, эки бутун тик кылып жана эки колун ит сыяктуу жерге коюп отуруусу. Ошондой эле, намаз окуп жаткан адамдын саждада эки билегин жырткыч айбандар сыяктуу жерге төшөп жайып алышына да тыюу салынат. Ал намазын бир жолу оң тарабына жана дагы бир жолу сол тарабына: «Ассаламу алайкум ва рахматуллах» деп салам берип аяктачу.

Хадистин пайдалары

Пайгамбардын намазынын сыпатынан бир бөлүгүн түшүндүрүү.

Намаздын сөздөрүнө жана кыймылдарына каршы келген бардык сөздөрдү жана кыймылдарды арам кылуучу киришүү такбирин айтуунун милдеттүү экендиги жана намазга кирүү үчүн бул сөздөн башка эч нерсе анын ордун баса албастыгы.

Фатиха сүрөсүн окуунун милдеттүүлүгү.

Үрүкү кылуу важиб, ал эми анда башын өйдө көтөрбөстөн жана ылдый кылбастан, түз, тегиз болуу жакшы.

Үрүкүдөн өйдө болуу жана андан кийинки кыямда түз туруу важиб.

Сажда кылуу, андан өйдө болуу жана андан кийин белин түздөп отуруу важиб.

Намаз окуган адам намазда отурганда сол бутун жайып отуруп, оң бутун тике кылып туруусу шариятта көрсөтүлгөн. Ал эми шам жана куптан сыяктуу эки ташахуду бар намаздардын акыркы ташахудунда таваррүк" кылып отуруу шариятка ылайык. Бул тууралуу башка хадистер айтылган.

Отурушта шайтанга окшошууга тыюу салынат, бул олтуруу – буттарын жерге төшөп, согончокторуна отуруу же аларды тикесинен коюп, экөөнүн ортосунда жерге отуруу.

Жырткычт жаныбарлар сыяктуу билектерин жерге төшөп алууга тыюу салынган. Бул намаз окуучу адамдын чыканактарын жерге жайып алуусу менен болот, себеби бул жалкоолуктун жана алсыздыктын белгиси.

Шайтанга жана жаныбарларга иш-аракеттеринде окшошууга тыюу салынат.

Намазды салам берүү менен аяктоо важиб, салам – намаз окуучуларга, катышып тургандарга жана катышпаган салих пенделерге бардык жамандыктардан жана кемчиликтерден саламаттык тилеген дуба.

Намазды салкын кандуулук менен окуунун милдеттүүлүгү.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 357) (498).

Сахих Муслим (1/ 357) (498).

Дагы (22)

شرح النووي على مسلم (4/ 213).

سبل السلام.

لمحمد الصنعاني (1/ 248 ).

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (2/ 172).

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (2/ 51).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (2/ 189).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص145).

شرح النووي على مسلم (4/ 213).

سبل السلام.

لمحمد الصنعاني (1/ 248 ).

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (2/ 172).

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (2/ 51).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (2/ 189).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص145).