Мусулмандын изары (эркектин денесинин төмөнкү бөлүгүн жаба турган кийимдер) балтырынын жарымына чейин болот, балтыры менен кызыл ашыктын ортосунда болуусунда эч кандай айып же күнөө жок. Ал эми кызыл ашыктан ылдый болгону тозокто. Кимде-ким текеберленип изарын сүйрөп жүрсө (кызыл ашыктан ылдый кылып), Аллах ага карабайт.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابالآداب الشرعيةآداب اللباس
Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Мусулмандын изары (эркектин денесинин төмөнкү бөлүгүн жаба турган кийимдер) балтырынын жарымына чейин болот, ал эми аны менен кызыл ашыктын ортосунда болуусунда эч кандай күнөө (же айып) жок. Кызыл ашыктан ылдый болгону тозокто болот. Кимде-ким текеберленип изарын сүйрөп жүрсө (кызыл ашыктан ылдый кылып), Аллах ага карабайт».
«إزْرَةُ المُسْلمِ إلى نصفِ السَّاق، وَلَا حَرَجَ -أو لا جُنَاحَ- فيما بينَهُ وبينَ الكعبينِ، وما كان أسفلَ منَ الكعبين فهو في النار، مَن جرَّ إزارَهُ بطرًا لم يَنْظُرِ اللهُ إليه».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман эркек кишинин изарынын (м: шымынын) үч абалы бар экенин баяндаган: Биринчи: Мустахаб – шымдын асты балтырдын жарымына чейин болушу. Экинчиси: Мубах, уруксат берилгени – ал балтырдын жарымынан төмөн кызыл ашыкка чейинкиси. Кызыл ашык – балтыр менен буттун муунундагы чыгып турган эки сөөк. Үчүнчүсү: Арам кылынганы – кызыл ашыктан төмөн болуусу, жана ага тозок отунун тийүүсүнөн коркулат. А эгерде бул текеберленип, менменсинип жана чектен чыккандыктан болсо, Аллах ага карабайт.
Бул сыпат жана андан коркутуу эркектерге гана тиешелүү, ал эми аялдар мындан өзгөчөлөнөт. Анткени алар бүт денесин жабууга буйрулган.
Эркектердин денесинин төмөнкү бөлүгүн жаба турган нерсенин бардыгы изар деп аталат. Мисалы: шым, согончокко чейинки узун көйнөк ж.б.у.с. Ошондой эле бул хадисте айтылган шарият өкүмдөрү буга да тиешелүү.
Сунан Абу Дауд (6/ 191) (4093).
Сунан Ибн Маажа (4/ 583) (3573).
Муснад Ахмад (17/ 52) (11010).
(1/ 16).
Сунан Абу Дауд (6/ 191) (4093).
Сунан Ибн Маажа (4/ 583) (3573).
Муснад Ахмад (17/ 52) (11010).
(1/ 16).
Дагы (14)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 637).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 95).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (10/ 582).
المعجم الوسيط.
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 637).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 95).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (10/ 582).
المعجم الوسيط.
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- قاموس الكبائرموسوعة الكبائر - المجموعة الخامسة«إِزْرَةُ الْمُسْلِمِ إِلَى نِصْفِ السَّاقِ وَلَا حَرَجَ فِيمَا بَيْنَهُ وَبَيْنَ الْكَعْبَيْنِ، وَمَا كَانَ أَسْفَلَ مِنَ الْكَعْبَيْنِ فَهُوَ فِي النَّارِ، مَنْ جَرَّ إِزَارَهُ بَطَرًا (أَيْ: تَكَبُّرًا) لَمْ يَنْظُرِ اللَّهُ إِلَيْهِ»
- مجموعة زاد السيرة النبوية (2)1«إزرة المسلم إلى نصف الساق، ولا حرج -أو لا جناح- فيما بينه وبين الكعبين، وما كان أسفل من الكعبين فهو في النار».