"Күнөөсүн жарыя кылгандардан башка үммөтүмдүн баары ккечирилет
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:
"Күнөөсүн жарыя кылгандардан башка үммөтүмдүн баары ккечирилет. Жарыя кылуу мындай, бир адам түн ичинде күнөө кылып, Аллах анын жасаганын жашырат. Тиги болсо күндүзү: "О, баланча, мен түнү мындай, тигиндей иш кылдым" деп өзү жарыя кылат. Түндө аны Раббиси жашырган эле, Аллах жашырганды күндүзү өзү жарыя кылат".
«كُلُّ أُمَّتِي مُعَافًى إِلَّا المُجَاهِرِينَ، وَإِنَّ مِنَ المُجَاهَرَةِ أَنْ يَعْمَلَ الرَّجُلُ بِاللَّيْلِ عَمَلًا، ثُمَّ يُصْبِحَ وَقَدْ سَتَرَهُ اللَّهُ عَلَيْهِ، فَيَقُولَ: يَا فُلاَنُ، عَمِلْتُ البَارِحَةَ كَذَا وَكَذَا، وَقَدْ بَاتَ يَسْتُرُهُ رَبُّهُ، وَيُصْبِحُ يَكْشِفُ سِتْرَ اللَّهِ عَنْهُ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман кишинин кылган күнөөсү кечирилерине үмүт бар экенин баяндайт. Бирок мактаныч менен кылган күнөөсүн уялбай жарыя кылган адам кечиримге ылайык эмес. Түнү күнөө кылат, аны Аллах жашырып койсо, эртеси бирөөлөргө түндө мындай күнөө кылдым деп өзү ашкере кылат. Түндө Аллах аны жашырган эле, күндүзү ал өзү Аллах жашырганды ашкере кылды.
...:
Аллах жашырган күнөөнү жарыя кылуу өтө жаман иш.
Күнөөнү жарыя кылуу ыймандуулардын арасында бузукулукту жайылтат.
Аллах бул дүйнөдө кимдин күнөөсүн жашырса, акыретте да анын күнөөсүн жашырат. Бул Аллахтын пенделерине болгон ырайымынын кенендиги.
Күнөө кылган адам күнөөсүн жашырып, Аллахка тообо кылышы керек.
Күнөөлөрдү ачык кылып, кечиримден куру калгандардын күнөөлөрүнүн өтө оор экендиги баяндалат.
Сахих ал-Бухари (8/ 20) (6069).
Сахих Муслим (4/ 2291) (2990).
Дагы (8)
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 15).
منار القاري شرح مختصر صحيح البخاري.
لحمزة قاسم (5/ 251).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 329).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
مجموعة من الباحثين (1/ 255).
Китептерде келтирилген
5 КитептерДагы (5)
- الحقيقة المُبْهِرَة في العلاقة بين الإسلام والإنسان(كل أمتي مُعَافىً إلّا المجاهرين، وإنّ من المجاهرة أن يعمل الرجل بالليل عملاً ، ثم يصبح وقد ستره الله عليه، فيقول: يا فلان عملت البارحة كذا وكذا، وقد بات يستره ربه، ويصبح يكشف ستر الله عنه)[162].
- الله -جل جلاله- أنيس المحبين وملاذ القاصدين«كُلُّ أُمَّتِي مُعَافـًى إِلَّا المُجَاهِرِينَ، وَإِنَّ مِنَ المُجَاهَرَةِ: أَنْ يَعْمَلَ الرَّجُلُ بِاللَّيْلِ عَمَلًا، ثُمَّ يُصْبِحَ وَقَدْ سَتَرَهُ اللهُ عَلَيْهِ، فَيَقُوْلُ: يَا فُلاَنُ! عَمِلْتُ البَارِحَةَ كَذَا وَكَذَا، وَقَدْ بَا
- ترجمة المقاطع المرئية - مشروع هدايات 1(كل أُمتي معافى إلا المجاهرين)
- قاموس الكبائر موسوعة الكبائر - المجموعة الأولى«كُلُّ أُمَّتِي مُعَافى إِلَّا المُجَاهِرِيْنَ» [178].
- قاموس الكبائر«كُلُّ أُمَّتِي مُعَافى إِلَّا المُجَاهِرِيْنَ» [178].