"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын арасынан өтө жоомарты эле. Рамазан айында Жебреил периштеге
Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) мынтип айткан:
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын арасынан өтө жоомарты эле. Рамазан айында Жебреил периштеге жолуккан учурларында жоомарттыгы андан да күчөйт эле. Жебреил периштеге Рамазан айынын ар бир түнүндө жолугуп, бири-бирине Куранды окуп беришчү. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык кылууда согуп турган шамалдан да ылдамыраак эле".
كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَجْوَدَ النَّاسِ، وَكَانَ أَجْوَدُ مَا يَكُونُ فِي رَمَضَانَ حِينَ يَلْقَاهُ جِبْرِيلُ، وَكَانَ يَلْقَاهُ فِي كُلِّ لَيْلَةٍ مِنْ رَمَضَانَ فَيُدَارِسُهُ القُرْآنَ، فَلَرَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَجْوَدُ بِالخَيْرِ مِنَ الرِّيحِ المُرْسَلَةِ.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын эң берешени болгон. Рамазан айында берешендиги андан да күчөп, ким эмнени кааласа ошону берчү. Анын берешендигинин артышына эки себеп бар эле: Биринчиси: Жебиреил периштеге жолукканы. Экинчиси: Куранды жүрөгүнөн өткөрүп окуганы. Жебиреил периште ага Курандан түшкөн аяттардын баарын дагы бир сыйра окутуп чыкчу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) өтө берешен жана жакшылыкты өтө көп кылган киши болгон. Адамдарга жакшылык кылууда Аллах Таала жөнөткөн согуп турган шамал сыяктуу шашылат эле.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берешендиги айрыкча Рамазан айында күчөйт эле. Анткени Рамазан айы таат-ибадаттын жана жакшылык кылуунун айы.
Кайсы убакыт болбосун, берешен болуу керек, айрыкча Рамазан айында берешендикти күчөтүү жакшы.
Рамазан айында Куран окууну, жакшылык иштерди кылууну, берешен болууну көбөйтүү керек.
Илимди эстен чыгарбай сактоонун себептеринин бири - илим талап кылуучулар жана аалымдар менен бирге сабак өтүү.
Сахих ал-Бухари (1/ 8) (6).
Сахих Муслим (4/ 1803) (2308).
Дагы (8)
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (5/ 275).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
مجموعة من الباحثين (2/ 870).
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (2/ 364).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين.
Китептерде келтирилген
9 КитептерДагы (9)
- أسئلة وأجوبة عن شهر رمضان للصغار، ولا يستغني عنها الكبار«كَانَ رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم أَجْوَدَ النَّاسِ، وَكَانَ أَجْوَدُ مَا يَكُونُ فِي رَمَضَانَ حِينَ يَلْقَاهُ جِبْرِيلُ، وَكَانَ يَلْقَاهُ فِي كُلِّ لَيْلَةٍ مِنْ رَمَضَانَ، فَيُدَارِسُهُ الْقُرْآنَ، فَلَرَسُولُ اللهِ صلى الله عليه
- أسئلة وأجوبة عن شهر رمضان للصغار، ولا يستغني عنها الكبار«أَجْوَدُ مَا يَكُونُ فِي رَمَضَانَ حِينَ يَلْقَاهُ جِبْرِيلُ، وَكَانَ يَلْقَاهُ فِي كُلِّ لَيْلَةٍ مِنْ رَمَضَانَ، فَيُدَارِسُهُ الْقُرْآنَ»
- تطبيق القرآن والأذكارسنن الصيام (كان رسول الله - صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ - أجود الناس بالخير، وكان أجود ما يكون في رمضان حين يلقاه جبريل، وكان جبريل يلقاه في كل ليلة من رمضان، فيدارسه القرآن، فلرسول الله - صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ - حين يلقاه جبريل أجود
- سنن الصيام - من كتاب الفقه الميسرسنن الصيام(كان رسول الله - صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ - أجود الناس بالخير، وكان أجود ما يكون في رمضان حين يلقاه جبريل، وكان جبريل يلقاه في كل ليلة من رمضان، فيدارسه القرآن، فلرسول الله - صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ - حين يلقاه جبريل أجود
- مشروع منهاج زادكزادك 2 طالب نهائي«كَانَ رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم أَجْوَدَ النَّاسِ، وَكَانَ أَجْوَدُ مَا يَكُونُ فِي رَمَضَانَ حِينَ يَلْقَاهُ جِبْرِيلُ»
- مشروع منهاج زادكزادك 2 طالب نهائي«كَانَ جِبْرِيلُ يَلْقَاهُ فِي كُلِّ لَيْلَةٍ مِنْ رَمَضَانَ فَيُدَارِسُهُ القُرْآنَ»
- نبراس طالب (3)نبراس طالب 3«كَانَ جِبْرِيلُ يَلْقَاهُ فِي كُلِّ لَيْلَةٍ مِنْ رَمَضَانَ فَيُدَارِسُهُ القُرْآنَ»
- نبراس طالب (3)نبراس طالب 3«كَانَ رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم أَجْوَدَ النَّاسِ، وَكَانَ أَجْوَدُ مَا يَكُونُ فِي رَمَضَانَ حِينَ يَلْقَاهُ جِبْرِيلُ»
- نصوص مختارة للرمضانكَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَجْوَدَ النَّاسِ، وَكَانَ أَجْوَدُ مَا يَكُونُ فِي رَمَضَانَ حِينَ يَلْقَاهُ جِبْرِيلُ