Skip to content

Чындыгында, бул үй айбанаттарынын да жапайы айбандардыкындай жапайылыгы болот, алардын кайсы бири силерге баш бербей койсо, анда ага ушундай кылгыла.

Рофиъ ибн Хадиж (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

"Биз Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен Зул-Хулайфада элек. Адамдарды катуу ачкалык басып, анан алар төөлөрдү жана койлорду колго түшүрүштү. (Рофиъ) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элдин эң артында келе жаткан эле. Адамдар шашылыш түрдө (айбанаттарды) союп, казандарды асып жиберишти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйрук берип, казандар көңтөрүлүп төгүлдү. Андан соң ал (олжону) бөлүштүрүп, он койду бир төөгө теңеди. Алардын арасынан бир төө качып кетти. Адамдар аны кубалап чарчашты, анткени аларда аттар аз болчу. Анан бир киши аны жаа менен атты эле, Аллах аны токтотуп калды. Ошондо Пайгамбар: «Чындыгында, бул үй айбанаттарынын да жапайы айбандардыкындай жапайылыгы болот, алардын кайсы бири силерге баш бербей койсо, анда ага ушундай кылгыла». - деди. Рофиъ: Биз эртең душманга жолугууну күтүп жатабыз (же душмандан кооптонуп жатабыз), а биздин жаныбызда бычактарыбыз жок. Камыш менен соё берелиби? - деп сурады. (Пайгамбар): «Тиш менен тырмактан башка, канды агыза турган жана үстүнө Аллахтын аты аталган нерсе менен союлгандардын этин жей бергиле. Бул тууралуу силерге айтып берейин: тиш - бул сөөк, ал эми тырмак - хабаштардын (эфиопиялыктардын) бычагы» - деди."

كُنَّا مَعَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِذِي الحُلَيْفَةِ، فَأَصَابَ النَّاسَ جُوعٌ، فَأَصَابُوا إِبِلًا وَغَنَمًا، قَالَ: وَكَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي أُخْرَيَاتِ القَوْمِ، فَعَجِلُوا، وَذَبَحُوا، وَنَصَبُوا القُدُورَ، فَأَمَرَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِالقُدُورِ، فَأُكْفِئَتْ، ثُمَّ قَسَمَ، فَعَدَلَ عَشَرَةً مِنَ الغَنَمِ بِبَعِيرٍ فَنَدَّ مِنْهَا بَعِيرٌ، فَطَلَبُوهُ، فَأَعْيَاهُمْ وَكَانَ فِي القَوْمِ خَيْلٌ يَسِيرَةٌ، فَأَهْوَى رَجُلٌ مِنْهُمْ بِسَهْمٍ، فَحَبَسَهُ اللَّهُ، ثُمَّ قَالَ: «إِنَّ لِهَذِهِ البَهَائِمِ أَوَابِدَ كَأَوَابِدِ الوَحْشِ، فَمَا غَلَبَكُمْ مِنْهَا فَاصْنَعُوا بِهِ هَكَذَا»، فَقَالَ أي رافع: إِنَّا نَرْجُو -أَوْ نَخَافُ- العَدُوَّ غَدًا، وَلَيْسَتْ مَعَنَا مُدًى، أَفَنَذْبَحُ بِالقَصَبِ؟ قَالَ: «مَا أَنْهَرَ الدَّمَ، وَذُكِرَ اسْمُ اللَّهِ عَلَيْهِ فَكُلُوهُ، لَيْسَ السِّنَّ وَالظُّفُرَ، وَسَأُحَدِّثُكُمْ عَنْ ذَلِكَ: أَمَّا السِّنُّ فَعَظْمٌ، وَأَمَّا الظُّفُرُ فَمُدَى الحَبَشَةِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Рофиъ ибн Хадиж (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлайт: Алар Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен Зул-Хулайфада болушканда, адамдарды ачкалык кармады. Алар мушриктерден төө жана койлорду олжо кылып алышкан болчу. Анан Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уруксат сурабастан, олжо бөлүштүрүлө электе шашып малдардан союп, казандарды асышты. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) болсо адамдардын артында келе жаткан эле. Ал муну билген кезде, казандарды төктүрүүгө буйруду, казандар ичиндеги шорпосу менен кошо көңтөрүлүп төгүлдү. Андан соң олжону алардын арасында бөлүштүрүп, он койду бир төөгө барабар кылды. Ошол кезде бир төө качып кетти. Аттар аз болгондуктан, алар аны кууп жете алышпады. Алардын арасынан бир киши аны жебе менен атты эле, Аллах аны алар үчүн токтотуп калды. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: Чындыгында, бул үй айбанаттарынын табияты жапайы айбандардын табияты сыяктуу. Эгерде алардын кайсы бири силерге үстөмдүк кылып, аны кармоого күчүңөр жетпей калса, анда аны ушундай кылгыла. Анан Рофиъ: Биз эртең душман менен беттешебиз деп үмүт кылабыз жана куралдарыбыз менен мал сойсок, алардын мизине зыян жетет деп коркобуз. Ал эми малды адалдап союуга өтө муктаждык болуп турат, бирок ал үчүн жаныбызда бычак жок. Ичи көңдөй камыштын сабактары менен мууздай берелиби? – деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтты: "Тиш менен тырмактан башка канды агызып, шорголотуп көп төккөн нерсе менен союлса, жана ага Аллахтын аты аталган болсо, аны жегиле. Мен силерге бул жөнүндө айтып берейин: тишке келсек, ал – сөөк, ал эми тырмакка келсек, аны хабаш каапырлары колдонушат."

Хадистин пайдалары

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аскердин артынан жүрүүсү, сахабаларына кам көрүп, аларды жоктоп туруусу жана сахабаларынын (Аллах алардан ыраазы болсун) насаатын кабыл алуусу – анын кичи пейилдүүлүгүнүн бир көрүнүшү.

Башчынын өз кол алдындагы адамдарын жана аскерлерин тарбиялоосу. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын уруксатын албай туруп кылган шашылыш, иш-аракеттери үчүн аларды тарбиялады. Ошентип, алардын жазасы өздөрү каалаган нерселеринен куру калуу болду.

Сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйруктарына тез жооп бергендиктери.

Олжо бөлүштүрүлгөнгө чейин андан алууга тыюу салынат.

Адилеттүүлүк, өзгөчө душмандарга жана каапырларга каршы жихад майданында. Анткени ал жеңиштин жана душмандардын үстүнөн үстөмдүк кылуунун себептеринен.

Имам Нававий мынтип айткан: "Эгерде үй жаныбары жапайы болуп кетсе, тагыраак айтканда, төө, уй же жылкы үркүп качса, же кой жана башкалар качып кетсе, анда ал аң сыяктуу болуп калат. Ошондуктан аны атып алуу адал болот.

Жаныбардын эти адал болушу үчүн аны мууздоо милдет. Жаныбарда төмөнкүлөр шарт кылынат: 1- эти адал болушу, 2- кармап союуга мүмкүн болушу, ал эми кармоого мүмкүн болбосо, анын өкүмү аңдын өкүмүндөй болот, 3- кургактыктагы жаныбар болушу; ал эми деңиз жаныбарлары үчүн мууздоо шарт эмес.

Мал жандыкты мууздоонун дурус болуу шарттары: 1- Мууздаган адамдын буга ылайыктуу болуусу, б.а. анын акыл-эстүү, жакшы-жаманды айырмалай билген мусулман же китеп ээлеринен болуусу, 2- малды мууздап баштоодо Аллахтын атынын аталышы, 3- союучу куралдын жарактуу болуусу, б.а. колдонулган куралдын тиш жана тырмактан башка ар кандай материалдан жасалган жана курч болуусу, 4- жаныбарды кармап союуга мүмкүн болгон учурда, мал жандыкты союу анын союла турган жеринен кекиртегин, кызыл өңгөчүн жана кандын веналарын кесүү менен мууздоо (забх) жана союу (нахр) аркылуу аткарылышы.

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 138) (2488).

Сахих Муслим (3/ 1558) (1968).

Дагы (2)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص721).