Skip to content

Менин бул эки кепичимди ал да, бул дубалдын артында сага жолуккан кимиси: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок" - деп, чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, аны бейиш менен сүйүнчүлө

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

"Биз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тегерегинде олтурган элек. Жаныбызда Абу Бакр, Умар жана бир топ адамдар бар эле. Бир маалда Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ордунан туруп кетип, ошол бойдон көпкө кечикти. Көпкө келбеген соң, биз ага кимдир бирөө тарабынан кол салуу болдубу деп чочулап ордубуздан туруп издей баштадык. Биринчилерден болуп чочулаган мен болдум. Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп, бани Нажжар уруусундагы бир ансардын багына келдим. Эшигин таппай анын дубалын айланып чыктым, акыры дубал түбүнөн сырттан суу агып кирчү оюгун таап, ошол жерден кысылып кирдим. Кирсем, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Абу Хурайрасыңбы?» - деди. Мен: Ооба, оо, Аллахтын элчиси, - дедим. «Бул жакка эмнеге келдиң?» - деди. Сиз биз менен олтуруп, анан туруп кеттиңиз, ошол бойдон көпкө кечиктиңиз. Көпкө келбеген соң, биз сизге кимдир бирөө тарабынан кол салуу болдубу деп чочулап ордубуздан туруп издей баштадык. Биринчилерден болуп чочулаган мен болдум. Анан бул дубалга келип, ичине түлкү сойлогондой сойлоп кирдим, тигилер болсо менин артымда, - дедим. Ошондо ал: «Оо, Абу Хурайра» - деп, мага эки кепичин берди да, анан: «Менин бул эки кепичимди ал да, бул дубалдын артында сага жолуккан кимиси: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок" - деп, чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, аны бейиш менен сүйүнчүлө» - деди. Мен эң биринчи эле Умарды жолуктурганымда, ал: Бул эки көлөч эмне, оо, Абу Хурайра? - деп сурады. Бул Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки кепичи, мага жолуккан кимиси: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок" - деп чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, аны бейиш менен сүйүнчүлөө үчүн ал мени булар менен жөнөттү, - дедим. Ошондо Умар менин көкүрөгүмө колу менен катуу уруп жибергенде чалкаман кулап түштүм. Ал мага: Артка кайт, оо, Абу Хурайра, - деди. Мен Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайтып келип, өксүп ыйлап жибердим. Умар да артымдан жете келди, көрсө ал мени ээрчип келген экен. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Сага эмне болду, оо, Абу Хурайра?" - деди. Мен Умарга жолукканымда, мени эмне менен жөнөткөн болсоңуз, ошону ага айттым, ошондо ал көкүрөгүмө катуу уруп жиберди эле, чалкаман кулап түштүм. Анан ал мага: Артка кайт, - деди, - деп айттым. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Умар, мындай кылууңа эмне түрткү болду?» - деди. Ал: Оо, Аллахтын элчиси, атам менен энем сизге курман болсун! Абу Хурайрага эки кепичиңизди берип, ал кимиси Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок - деп чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, анын бейишке кирерин сүйүнчүлөө үчүн жөнөттүңүз беле? - деди. Ал: «Ооба», - деди. Ал: Андай кылбаңыз, адамдар буга гана таянып калышат деп корком. Аларды тек коюңуз, амал кылышсын, - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Анда аларды тек койгула» - деди."

كُنَّا قُعُودًا حَوْلَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، مَعَنَا أَبُو بَكْرٍ، وَعُمَرُ فِي نَفَرٍ، فَقَامَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مِنْ بَيْنِ أَظْهُرِنَا، فَأَبْطَأَ عَلَيْنَا، وَخَشِينَا أَنْ يُقْتَطَعَ دُونَنَا، وَفَزِعْنَا، فَقُمْنَا، فَكُنْتُ أَوَّلَ مَنْ فَزِعَ، فَخَرَجْتُ أَبْتَغِي رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ حَتَّى أَتَيْتُ حَائِطًا لِلْأَنْصَارِ لِبَنِي النَّجَّارِ، فَدُرْتُ بِهِ هَلْ أَجِدُ لَهُ بَابًا؟ فَلَمْ أَجِدْ، فَإِذَا رَبِيعٌ يَدْخُلُ فِي جَوْفِ حَائِطٍ مِنْ بِئْرٍ خَارِجَةٍ - وَالرَّبِيعُ الْجَدْوَلُ - فَاحْتَفَزْتُ، فَدَخَلْتُ عَلَى رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: «أَبُو هُرَيْرَةَ» فَقُلْتُ: نَعَمْ يَا رَسُولَ اللهِ، قَالَ: «مَا شَأْنُكَ؟» قُلْتُ: كُنْتَ بَيْنَ أَظْهُرِنَا، فَقُمْتَ فَأَبْطَأْتَ عَلَيْنَا، فَخَشِينَا أَنْ تُقْتَطَعَ دُونَنَا، فَفَزِعْنَا، فَكُنْتُ أَوَّلَ مَنْ فَزِعَ، فَأَتَيْتُ هَذَا الْحَائِطَ، فَاحْتَفَزْتُ كَمَا يَحْتَفِزُ الثَّعْلَبُ، وَهَؤُلَاءِ النَّاسُ وَرَائِي، فَقَالَ: «يَا أَبَا هُرَيْرَةَ» وَأَعْطَانِي نَعْلَيْهِ، قَالَ: «اذْهَبْ بِنَعْلَيَّ هَاتَيْنِ، فَمَنْ لَقِيتَ مِنْ وَرَاءِ هَذَا الْحَائِطَ يَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ مُسْتَيْقِنًا بِهَا قَلْبُهُ، فَبَشِّرْهُ بِالْجَنَّةِ»، فَكَانَ أَوَّلَ مَنْ لَقِيتُ عُمَرُ، فَقَالَ: مَا هَاتَانِ النَّعْلَانِ يَا أَبَا هُرَيْرَةَ؟ فَقُلْتُ: هَاتَانِ نَعْلَا رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، بَعَثَنِي بِهِمَا مَنْ لَقِيتُ يَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ مُسْتَيْقِنًا بِهَا قَلْبُهُ، بَشَّرْتُهُ بِالْجَنَّةِ، فَضَرَبَ عُمَرُ بِيَدِهِ بَيْنَ ثَدْيَيَّ فَخَرَرْتُ لِاسْتِي، فَقَالَ: ارْجِعْ يَا أَبَا هُرَيْرَةَ، فَرَجَعْتُ إِلَى رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَأَجْهَشْتُ بُكَاءً، وَرَكِبَنِي عُمَرُ، فَإِذَا هُوَ عَلَى أَثَرِي، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَا لَكَ يَا أَبَا هُرَيْرَةَ؟» قُلْتُ: لَقِيتُ عُمَرَ، فَأَخْبَرْتُهُ بِالَّذِي بَعَثْتَنِي بِهِ، فَضَرَبَ بَيْنَ ثَدْيَيَّ ضَرْبَةً خَرَرْتُ لِاسْتِي، قَالَ: ارْجِعْ، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «يَا عُمَرُ، مَا حَمَلَكَ عَلَى مَا فَعَلْتَ؟» قَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، بِأَبِي أَنْتَ، وَأُمِّي، أَبَعَثْتَ أَبَا هُرَيْرَةَ بِنَعْلَيْكَ، مَنْ لَقِيَ يَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ مُسْتَيْقِنًا بِهَا قَلْبُهُ بَشَّرَهُ بِالْجَنَّةِ؟ قَالَ: «نَعَمْ»، قَالَ: فَلَا تَفْعَلْ، فَإِنِّي أَخْشَى أَنْ يَتَّكِلَ النَّاسُ عَلَيْهَا، فَخَلِّهِمْ يَعْمَلُونَ، قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «فَخَلِّهِمْ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынын бир тобу менен олтурган, алардын арасында Абу Бакр жана Умар да бар эле. Анан ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ордунан туруп кетти да, кайтып келүүсү кечикти. Алар душман тарабынан ага бир жамандык жетет деп коркушту; же туткунга түшөт, же башка бир нерсе болот деп. Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) чочулап, ордуларынан турушту. Алардын арасынан Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) биринчилерден болуп чочулай баштаган. Ал бани Нажжар уруусундагы бир адамга тиешелүү бакка келип, аны курчаган дубалды айланып эшигин издеди. Бирок эшигин таба албады, болгону сырттан суу агып кирчү дубалдын түбүндөгү кичинекей тешикти таап, андан сойлоп ичине кирип, Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ошол жерден тапты. Анан ал: «Сен Абу Хурайрасынбы?» - деп сурады. Ал: Ооба - деп жооп берди. Ал: «Сага эмне болду?» - деди. Абу Хурайра айтты: Сиз биз менен олтуруп, анан туруп кеттиңиз, ошол бойдон көпкө кечиктиңиз. Көпкө келбеген соң, биз сизге кимдир бирөө тарабынан кол салуу болдубу деп чочулап ордубуздан туруп издей баштадык. Биринчилерден болуп чочулаган мен болдум. Анан бул дубалга келип, ичине түлкү сойлогондой сойлоп кирдим, тигилер болсо менин артымда. Анан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага эки көлөчүн анын чынчыл экендигине далил болушу үчүн берип, анан мындай деди: «Менин бул эки көлөчүмдү ал да, бул дубалдын артынан кимге жолуксаң, ал: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок - деп чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе жана кимдин сыпаты ушундай болсо, ал бейиш ээлеринен болот». Ошентип, ал биринчи Умарга жолукту. Умар андан: Оо, Абу Хурайра, бул эки кепич эмне? – деп сурады. Ал: Бул Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки кепичи, мага жолуккан кимиси: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок" - деп чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, аны бейиш менен сүйүнчүлөө үчүн ал мени булар менен жөнөттү, – деди. Ошондо Умар колу менен Абу Хурайранын көкүрөгүнө уруп жиберди эле, ал чалкасынан кетип жыгылды. Ал: Артка кайт, Абу Хурайра, - деди. Мен Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чочулап, өңүм бузулуп, ыйлачудай болуп кайтып бардым. Умар болсо мени ээрчип, артымдан басып келди. Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: «Сага эмне болду, эй, Абу Хурайра?» Мен айттым: Умарга жолугуп, сиз мени жөнөткөн нерсени ага кабарладым. Ошондо ал мени бир урганда, чалкаман кулап түштүм. Анан ал: Артка кайт, – деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Эй, Умар, бул ишти кылууга сага эмне түрткү болду?» - деп сурады. Умар айтты: Оо, Аллахтын элчиси, ата-энем сизге курман болсун, Абу Хурайрага бут кийимиңизди берип: "Ким жүрөгү менен бекем ишенип, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп күбөлүк берген абалда Аллахка жолукса, аны бейиш менен сүйүнчүлө", - деп жибердиңизби? Ал: «Ооба» - деп жооп берет. Ал: Андай кылбаңыз. Адамдар амал кылбай, аны айтууга гана үмүт артып коёбу деп коркомун. Аларды жөн коюң, амал кыла беришсин - деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Андай болсо, аларды жөн кой».

Хадистин пайдалары

Сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) болгон катуу сүйүүсү жана аны ар кандай жамандыктардан аман сактоого умтулуусу.

Кубанычтуу кабар менен сүйүнчүлөө шариятта каралган.

Ыйман - бул сөздө, амалда жана жүрөктө болот.

Казы Ийад жана башкалар айтышат: "Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) кылган иши жана Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайра кайрылуусу – ага каршы чыгуу же анын буйругун четке кагуу эмес эле. Анткени Абу Хурайра аркылуу берип жиберген нерсе үмөттүн жүрөгүн кубанычка бөлөө жана аларга сүйүнчүлөө гана болгон. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) муну айтпай жашыруу алар үчүн пайдалуураак жана ушуга таянып албаштарына көбүрөөк ылайыктуу деп эсептеди. Жана да бул сүйүнчүнү дароо жеткиргенге караганда, ушунусу аларга көбүрөөк жакшылык алып келет деп түшүндү. Ал бул оюн Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сунуштаганда, ал муну туура көрдү."

Имам Навави мынтип айткан: "Бул хадисте, эгерде имам же жалпы эле улуу адам бир нерсени туура көрүп, ал эми аны ээрчигендердин айрымдары башка пикирде болсо, анда ээрчиген адам аны карап чыгуусу үчүн башчысына сунуштоосу керектиги айтылат. Эгерде башчыга ээрчиген адамдын айтканы туура экендиги билинсе, ал анын пикирин кабыл алат. Андай болбосо, ээрчиген адамда пайда болгон күмөндүн жообун түшүндүрүп берет.

Пайдалуу жагын көздөп же зыяндан коркуп, муктаждык болбогон кээ бир илимдерди таратпай коюуга уруксат.

Таухид ээлерине чоң сүйүнчү бар, анткени кимде-ким чын жүрөгүнөн «Лаа илааха иллаАллах», (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок) - деп күбөлүк берип өлсө, бейишке кирет.

Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) күчтүүлүгү, даанышмандыгы жана түшүнүгүнүн кенендиги.

Имам Нававий мынтип айткан: "Хадисте эгерде ортодогу жакындык же башка бир себептерден улам ал адамдын ыраазы болору белгилүү болсо, анда бирөөнүн мүлкүнө (ээлигине) анын уруксатысыз кирүүгө болоору айтылган."

Булактар

Сахих Муслим (1/ 59) (31).

Дагы (8)

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 384).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 317).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (6/ 563).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 495).