Фитналар (азгырыктар) жүрөктөргө чийдин талдары сыяктуу бирден-бирден тартууланат.
Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Биз Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) алдында элек, ал: Кайсыныңар Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) фитналар жөнүндө эскергенин уктуңар? - деди. Бир топ адамдар: Биз аны укканбыз, - дешти. Ал: Балким, силер адамдын өз үй-бүлөсүндөгү жана кошунасындагы фитнасын айтып жаткан чыгарсыңар? - деди. Алар: Ооба, - дешти. Ал айтты: Аны намаз, орозо жана садака жууп кетирет. Бирок кайсыныңар Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) деңиздин толкунундай толкуган фитна жөнүндө эскергенин уктуңар? Хузайфа айтат: Адамдар унчукпай калышты, ошондо мен: Мен, - дедим. Ал: Сенби, атаңа рахмат! - деди. Хузайфа айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум:
"Фитналар (азгырыктар) жүрөктөргө чийдин талдары сыяктуу бирден-бирден тартууланат. Кайсы жүрөк аны өзүнө сиңирип алса, ага кара так түшөт. Ал эми кайсы жүрөк аны четке какса, ага ак так түшөт. Натыйжада жүрөктөр эки түргө бөлүнөт: (бири) жылмакай таш сыяктуу аппак (жүрөк), асман менен жер турганда ага эч бир фитна зыян келтире албайт. Ал эми экинчиси – көмкөрүлгөн кумура сыяктуу күл боз түстөгү кара (жүрөк), ал өзүнүн каалоосу сиңирип алган нерседен башка, жакшылыкты тааныбайт жана жамандыкты четке какпайт." Хузайфа айтты: Мен Умарга: Чынында, сени менен анын (фитнанын) ортосунда жабык эшик бар, ал жакында сынат, - деп айттым. Умар: Атасыз калгыр, ал сынабы? Эгер ал ачылганда, балким кайра жабылмак, - деди. Мен: Жок, тескерисинче ал сынат, - дедим. Жана мен ага ал эшик – өлтүрүлө турган же өлө турган адам экенин, эч кандай жаңылыштыгы жок акыйкат сөз кылып айтып бердим. Абу Халид айтты: Мен Саадга: Оо, Абу Малик, "күл боз түстөгү кара" деген эмне? - дедим. Ал: Каранын ичиндеги катуу актык, - деди. Ал айтты: Мен: А "көмкөрүлгөн кумура" деген эмне? - дедим. Ал: Төңкөрүлгөн (башы ылдый каратылган), - деди.
«تُعْرَضُ الْفِتَنُ عَلَى الْقُلُوبِ كَالْحَصِيرِ عُودًا عُودًا، فَأَيُّ قَلْبٍ أُشْرِبَهَا نُكِتَ فِيهِ نُكْتَةٌ سَوْدَاءُ، وَأَيُّ قَلْبٍ أَنْكَرَهَا نُكِتَ فِيهِ نُكْتَةٌ بَيْضَاءُ، حَتَّى تَصِيرَ عَلَى قَلْبَيْنِ، عَلَى أَبْيَضَ مِثْلِ الصَّفَا فَلَا تَضُرُّهُ فِتْنَةٌ مَا دَامَتِ السَّمَاوَاتُ وَالْأَرْضُ، وَالْآخَرُ أَسْوَدُ مُرْبَادًّا كَالْكُوزِ، مُجَخِّيًا لَا يَعْرِفُ مَعْرُوفًا، وَلَا يُنْكِرُ مُنْكَرًا، إِلَّا مَا أُشْرِبَ مِنْ هَوَاهُ»، قَالَ حُذَيْفَةُ: وَحَدَّثْتُهُ، أَنَّ بَيْنَكَ وَبَيْنَهَا بَابًا مُغْلَقًا يُوشِكُ أَنْ يُكْسَرَ، قَالَ عُمَرُ: أَكَسْرًا لَا أَبَا لَكَ؟ فَلَوْ أَنَّهُ فُتِحَ لَعَلَّهُ كَانَ يُعَادُ، قُلْتُ: لَا بَلْ يُكْسَرُ، وَحَدَّثْتُهُ أَنَّ ذَلِكَ الْبَابَ رَجُلٌ يُقْتَلُ أَوْ يَمُوتُ حَدِيثًا لَيْسَ بِالْأَغَالِيطِ. قَالَ أَبُو خَالِدٍ: فَقُلْتُ لِسَعْدٍ: يَا أَبَا مَالِكٍ، مَا أَسْوَدُ مُرْبَادٌّ؟ قَالَ: شِدَّةُ الْبَيَاضِ فِي سَوَادٍ، قَالَ: قُلْتُ: فَمَا الْكُوزُ مُجَخِّيًا؟ قَالَ: مَنْكُوسًا.
Момундардын амири Умар ибн Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) өз мажлисинде олтурган эле жана анын жанында сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) бир тобу бар болчу, ошондо ал аларга мынтип айтты: Кимиңер Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) фитналар жөнүндө айтканын уккан? Ошондо алардын кээ бирлери: Биз анын фитналар жөнүндө айтканын укканбыз, - деп айтышты. Умар (Аллах андан ыраазы болсун): Балким, силер адамдын өз жакындары аркылуу сыналуусун айтып жаткан чыгарсыңар, аялын жана бала-чакасын чектен тыш жакшы көрүп, алар үчүн сараңдык кылып, алар менен алаксып көптөгөн жакшылыктардан куру калуусу, же болбосо алардын акыларын аткарууда, тарбиялоодо жана таалим берүүдө кемчилик кетирүүсү аркылуу сыналуусун, ошондой эле адамдын кошунасы жана ушул сыяктуулар аркылуу фитнага кабылуусун, балким, ушуну назарда тутуп жаткандырсыңар? - деди. Алар: Ооба - дешти. Умар: Алар адамдан эсеп-кысапты талап кылган фитналар, алардын ичинде намаз, орозо жана садака сыяктуу жакшы амалдар менен кечирилиши үмүт кылынган күнөөлөр бар - деди. Бирок кимиңер Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өтө чоңдугунан жана көп таралгандыгынан улам адамдарды деңиз толкунундай чайпалткан жалпы фитналар тууралуу айтканын уктуңар? Сахабалар унчукпай калышты, ошондо Хузайфа ибн Яман (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен аны уктум. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) сүйүнүп, ага: Сендей уулду дүйнөгө алып келген атаңа баракелде! Айт, - деди. Хузайфа айтты: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтты: Фитналар пайда болуп, чий төшөк анда уктап жаткан адамдын капталына жабышканы сыяктуу, адамдын жүрөгүнө жана анын капталына жабышат. Фитналардын мындай катуу жабышуусу жүрөккө таасир этет. Бул фитналар биринин артынан экинчиси келип, кайра-кайра кайталанат. Кайсы жүрөккө ал кирип, ал аны жакшы көрүп, ичимдиктин кирип аралашып кеткени сыяктуу аралашып кетсе; анын жүрөгүнө бир кара так түшөт. Ал эми кайсы жүрөк аны четке какса, ага ак так түшөт. Ошентип, жүрөктөр эки түргө бөлүнөт: Ыйманы бекем болгон жана күнөөлөрдөн аман болгон (кирсиз) аппак жүрөк. Ага фитналар жабышпайт жана эч нерсе жукпаган жылмакай таш сыяктуу ага таасир эте албайт. Ошондуктан, ал Аллахка жолукканга чейин ага эч кандай фитна зыян келтире албайт. Ал эми экинчи жүрөк – фитналардан улам түсү капкара болуп өзгөргөн жүрөк. Ал ичине суу турбаган, кыйшайган же көңтөрүлгөн кумура сыяктуу. Дал ушул сыяктуу эле, бул жүрөккө эч кандай жакшылык жана даанышмандуулук жукпайт. Ал өзүнүн напсиси сүйүп, каалаган нерсесинен башка эч бир жакшылыкты тааныбайт жана эч бир жамандыкты жек көрбөйт. Хузайфа Умарга: Чындыгында, ал фитналардын эч бири сенин көзүң тирүүсүндө чыкпайт. Сени менен ал фитналардын ортосунда сындырылуусу жакын калган жабык эшик бар, - деди. Умар: Сындырылабы? Эгер ал ачылганда, балким кайра жабылмак, - деди. Хузайфа: Жок, тескерисинче сындырылат. Жана ал эшик – өлтүрүлө турган же өлө турган бир адам, - деди. Мен айткан бул нерсе – сөзсүз болуучу чындык кабар. Ал китеп ээлеринин барактарынан эмес жана пикир ээсинин ижтихадынан да эмес, акыйкатта ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисинен.
Жалпы фитнанын коркунучтуулугу, анткени андан кан төгүү, мал-мүлктүн жоголушу жана тынчтыктын жок болушу келип чыгат.
Жеке фитна эгер динге байланыштуу болсо, ага кабылган адам айыпталат. Анткени ал же бидат, же күнөө иштерден болот. Ал эми дүйнө иштерине байланыштуу болсо, бул ал адам үчүн сыноо жана сынак болуп саналат. Ага сабыр кылуу милдет.
Жүрөккө туш болгон фитналар ага таасир этет, ал эми Аллах туура жолдо туруктуу болууга багыттаган адам гана ийгиликке жетет.
Имам Нававий мынтип айтат: «Ат-Тахрирдин» автору мындай деген: Хадистин мааниси: эгер инсан напси каалоосун ээрчип, күнөө иштерди кылса, ал жасаган ар бир күнөөсү себептүү жүрөгүнө караңгылык кирет. Эгер ал ушундай абалга жетсе, азгырылып, андан Ислам нуру жоголот. Жүрөк идишке окшош, эгер ал көңтөрүлсө, ичиндегиси төгүлүп калат жана андан кийин ага эч нерсе кирбейт.
Умардын Хузайфага айткан: «Атасыз калгыр» - деген сөзүнүн мааниси: Бул ишке олуттуу кириш, билек түрүнүп, эч кандай жардамчысы жок адамдай даярдан.
Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) артыкчылыгы жана анын адамдар менен фитнанын ортосундагы жабык эшик болгондугу.
Сахих Муслим (1/ 128-129) (144).
Дагы (2)
النهاية في غريب الحديث والأثر (606) (649) (471) (521) (340) (139).
شرح النووي على مسلم (2/ 171).
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (3)
- الخطب المنبرية موسوعة الخطب المنبرية (القسم الثاني)«تُعْرَضُ الْفِتَنُ عَلَى الْقُلُوبِ كَالْحَصِيرِ عُودًا عُودًا، فَأَيُّ قَلْبٍ أُشْرِبَهَا نُكِتَتْ فِيهِ نُكْتَةٌ سَوْدَاءُ، وَأَيُّ قَلْبٍ أَنْكَرَهَا نُكِتَتْ فِيهِ نُكْتَةٌ بَيْضَاءُ»
- قاموس الكبائر موسوعة الكبائر - المجموعة الأولى«تُعْرَضُ الفِتَنُ عَلَى القُلُوبِ كَالْحَصِيرِ عُودًا عُودًا، فَأَيُّ قَلْبٍ أُشْرِبَهَا، نُكِتَ فِيهِ نُكْتَةٌ سَوْدَاءُ، وَأَيُّ قَلْبٍ أَنْكَرَهَا، نُكِتَ فِيهِ نُكْتَةٌ بَيْضَاءُ، حَتَّى تَصِيرَ عَلَى قَلْبَيْنِ، عَلَى أَبْيَضَ مِث
- قاموس الكبائر«تُعْرَضُ الفِتَنُ عَلَى القُلُوبِ كَالْحَصِيرِ عُودًا عُودًا، فَأَيُّ قَلْبٍ أُشْرِبَهَا، نُكِتَ فِيهِ نُكْتَةٌ سَوْدَاءُ، وَأَيُّ قَلْبٍ أَنْكَرَهَا، نُكِتَ فِيهِ نُكْتَةٌ بَيْضَاءُ، حَتَّى تَصِيرَ عَلَى قَلْبَيْنِ، عَلَى أَبْيَضَ مِث