Ким: "Субханаллах ал-Азиим уа бихамдихи" - деп айтса, ал үчүн бейиште бир курма дарагы тигилет.
- التصنيف الشرعي
- الأدعية والأذكار والرقائقفوائد ذكر الله عز وجل
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Ким: "Субханаллах ал-Азиим уа бихамдихи" - деп айтса, ал үчүн бейиште бир курма дарагы тигилет».
«مَنْ قَالَ: سُبْحَانَ اللهِ العَظِيمِ وَبِحَمْدِهِ، غُرِسَتْ لَهُ نَخْلَةٌ فِي الجَنَّةِ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким: «Субханаллах» Аллахты бардык кемчиликтерден аруулайм, «ал-Азиим» Ал Өзүнүн затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде Улуу, «уа бихамдихи» Улуу Аллах Таалага толук болгон сыпаттарды ыйгаруу менен бирге бардык мактоолор Ага ылайык - деп айтса, аны ар бир айткан сайын ал үчүн бейиштин жеринде бир курма дарагы тигилерин кабарлаган.
Аллах Тааланы көп зикир кылууга кызыктыруу, анын ичинде: тасбих менен тахмид айтуу (Аны кемчиликтерден аруулоо менен мактоо айтуу).
Бейиш кенен, Аллах Тааланын берешендиги жана жакшылыгы менен анын көчөттөрү – тасбих жана тахмид.
Хадисте башка дарактардын ичинен курма дарагы гана пайдасынын көптүгү жана мөмөсүнүн жакшылыгы үчүн өзгөчө белгиленди. Ошондуктан Аллах Таала Куранда момун адамды жана анын ыйманын курма дарагына окшоштурду.
Сунан ат-Тирмизи (5/ 456) (3464).
Сунан ат-Тирмизи (5/ 456) (3464).
Дагы (12)
مرعاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
للمباركفوري (7/ 464).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 985).
مشكاة المصابيح.
للتبريزي (2/ 713).
مرعاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
للمباركفوري (7/ 464).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 985).
مشكاة المصابيح.
للتبريزي (2/ 713).