Skip to content

Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат»

Ибн Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:

Бир киши: Оо, Аллахтын Элчиси, жахилият кезинде кылган иштерибиз үчүн жазаланабызбы? - деп сурады. Анда Пайгамбарыбыз айтты: «Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат»

قَالَ رَجُلٌ: يَا رَسُولَ اللهِ، أَنُؤَاخَذُ بِمَا عَمِلْنَا فِي الْجَاهِلِيَّةِ؟ قَالَ: «مَنْ أَحْسَنَ فِي الْإِسْلَامِ لَمْ يُؤَاخَذْ بِمَا عَمِلَ فِي الْجَاهِلِيَّةِ، وَمَنْ أَسَاءَ فِي الْإِسْلَامِ أُخِذَ بِالْأَوَّلِ وَالْآخِرِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламга кирүүнүн пазилеттерин ачыктап айтып берди. Ошондой эле ким Исламды кабыл алып, такыба мусулман болуп, ыкластуу жана чынчыл болсо, анда жахилиятта кылган күнөөлөрү үчүн жооп бербейт. Ал эми ким Исламда жүрүп эки жүздүү болсо же динден чыгып кетсе, анда ал каапырлык кезинде кылган иштери үчүн жана Исламдагы кылган күнөөлөрү үчүн жооп берет.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Сахабалардан Аллах ыраазы болсун. Алар жахилият (1) учурунда кылган иш-аракеттеринен коркушкан жана ал иш-аракеттери аларды катуу ойлондурган.

Исламда бекем болууга чакыруу.

Исламга кирүүнүн пазилети жана ал мурунку жаман иш-аракеттерди жок кылат.

Исламдан чыккан адам жана мунафык жахилиятта мурда жасаган ар бир иши үчүн жана Исламда кылган ар бир күнөөсү үчүн жооп берет.

Булактар

Сахих ал-Бухари (9/ 14) (6921).

Сахих Муслим (1/ 111) (120).

Дагы (3)

مشارق الأنوار على صحاح الآثار (2/229).

الكواكب الدراري (24/43).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (24/ 76).