Эгер сен айткандай болсоң, анда алардын оозуна чок салгандай болуп жатыпсың. Жана сен ушул бойдон уланта берсең, Аллах тарабынан аларга каршы сага бир жардамчы дайыма сени менен бирге болот.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفضائل صلة الأرحام
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
Бир адам: "Оо, Аллахтын Элчиси! Менин туугандарым бар, мен аларга каттап турам, ал эми алар мени менен катташпай мамилени үзүшөт. Мен аларга жакшылык кылам, алар мага жамандык кылышат. Мен аларга сылык мамиле кылам, алар мага оройлук кылышат" — деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Эгер сен айткандай болсоң, анда алардын оозуна чок салгандай болуп жатыпсың. Жана сен ушул бойдон уланта берсең, Аллах тарабынан аларга каршы сага бир жардамчы дайыма сени менен бирге болот» — деп айтты.
أَنَّ رَجُلًا قَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ إِنَّ لِي قَرَابَةً أَصِلُهُمْ وَيَقْطَعُونِي، وَأُحْسِنُ إِلَيْهِمْ وَيُسِيئُونَ إِلَيَّ، وَأَحْلُمُ عَنْهُمْ وَيَجْهَلُونَ عَلَيَّ، فَقَالَ: «لَئِنْ كُنْتَ كَمَا قُلْتَ، فَكَأَنَّمَا تُسِفُّهُمُ الْمَلَّ وَلَا يَزَالُ مَعَكَ مِنَ اللهِ ظَهِيرٌ عَلَيْهِمْ مَا دُمْتَ عَلَى ذَلِكَ».
Бир адам Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип, туугандары жана жакындары тууралуу даттанды: ал аларга жакшы мамиле кылат, ал эми алар ага тескерисинче жооп беришет; ал аларга барып, катташып турат, алар болсо мамилени үзүшөт; ал аларга жакшылык жана убадага бектик менен мамиле кылат, алар болсо ага адилетсиздик жана оройлук менен жооп кайтарышат; ал аларга жумшак мамиле кылып, кечирет, ал эми алар ага карата сөзү жана иши менен оройлук (жамандык) кылышат. Ушул айтылгандарга карабастан, ал алар менен туугандык мамилени улантышы керекпи? Анда Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай деп айтты: "Эгер сенин айтканың чын болсо, анда сен аларды уяткарып, өздөрүнүн алдында кор кылган болосуң жана аларга ысык күл жедиргендей болосуң. Бул сенин жакшылыгыңдын көптүгүнөн жана алардын кылган иштери өздөрүнүн алдында жаман болгондугунан. Сен айтканыңдай аларга жакшылык кылууну улантсаң жана алар сага жамандык кылуусун улантышса, бул канчага созулса, Аллах тарабынан сага алардын үстүнөн жардамчы жана алардын зыянын сенден кайтаруучу сени менен бирге болот."
Жамандыкка жакшылык менен жооп берүү – жамандык кылган адамдын акыйкатка (туура жолго) кайтуусуна себеп болот. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деп айткан: «(Сага орой тийгендерге) сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо сени менен анын араңарда душманчылык бар киши боорукер дос сыяктуу болуп калат».
Аллахтын буйругун аткаруу, эгер кыйынчылыкка кабылса да, ыймандуу пендеге Аллахтын жардамына себеп болот.
Тууганчылык байланышты үзүү – дүйнөдө кайгы жана азап, ал эми акыретте күнөө жана сурак.
Мусулман адам жакшы амалынын сооп-сыйлыгын (адамдардан эмес) Аллахтан үмүт кылуусу керек. Жана адамдардын жеткирген зыяны же мамилени үзүп койгону — аны өзүнүн жакшы адаттарынан (сооптуу иштеринен) токтотуп койбоосу зарыл.
Тууганчылык байланышты бекемдеген адам өзүнө байланышкандарга жараша мамиле кылган адам эмес. Бирок чыныгы тууганчылык байланышты бекемдеген адам – бул тууганчылык байланыш үзүлгөндө аны улаган адам.
Сахих Муслим (4/ 1982) (2558).
Сахих Муслим (4/ 1982) (2558).
Дагы (16)
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (9/ 220).
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (1/ 698).
نزهة المتقين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 539).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 188).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (9/ 220).
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (1/ 698).
نزهة المتقين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 539).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 188).
Китептерде келтирилген
4 КитептерДагы (4)
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالحوعن أبي هريرة رضي الله عنه أن رجلا قال: يا رسول الله إن لي قرابة أصلهم ويقطعوني، وأحسن إليهم ويسيئون إلي، وأحلم عنهم ويجهلون علي، فقال: “لئن كنت كما قلت، فكأنما تسفهم الملّ ولا يزال معك من الله ظهير عليهم ما دمت على ذلك”.
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 2«لَئِنْ كُنْتَ كَمَا قُلْتَ، فَكَأَنَّمَا تُسِفُّهُم المَلَّ، وَلا يَزالُ مَعَكَ مِنَ الله ظهِيرٌ عَلَيْهِمْ مَا دُمْتَ عَلىٰ ذَلِكَ».
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (1)، والسيرة النبوبة (1)، والعقيدة (1)، والفقه (1)التربية الأسلامية 1« أن رجلًا قال: يا رسُول الله، إِنّ لِي قرابةً أصِلُهُمْ ويقْطعُونِي، وأُحْسِنُ إِليْهِمْ ويُسِيئُون إِليّ، وأحْلُمُ عنْهُمْ ويجْهلُون عليّ، فقال:«لئِنْ كُنْت كما قُلْت، فكأنّما تُسِفُّهُمُ الْملّ، ولا يزالُ معك مِن الله ظهِيرٌ عليْهِمْ ما
- نبراس طالب (1)1«لَئِنْ كُنْتَ كَمَا قُلْتَ، فَكَأَنَّمَا تُسِفُّهُمُ الْمَلَّ([9]) ، وَلَا يَزَالُ مَعَكَ مِنَ اللهِ ظَهِيرٌ عَلَيْهِمْ مَا دُمْتَ عَلَى ذَلِكَ»