Skip to content

"Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр".

Салим бин Абу аль-Жаад риваят кылат: "Бир адам айтты: "Мен намаз окуп, эс алсам гана" - деди эле сахабалар бул үчүн аны айыптагандай болушту. Ошондо ал айтты: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:

"Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр".

«يا بلالُ، أقِمِ الصَّلاةَ، أرِحْنا بها».

Абу Дауд жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Сахабалардан бир киши: "Мен намаз окуп, эс алсам гана" - деди. Анын айланасындагылар аны жемелеп жаткандай болушту. Ошондо ал айтты: "Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин уктум: "Эй Билал! Азан айт жана намазга такбир айт! Биз намазда эс алабыз. Себеби анда Аллах Таалага кайрылуу жана рух менен жүрөктүн эс алуусу бар".

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Жүрөктүн эс алуусу намаз аркылуу болот. Анткени анда Аллах Таалага кайрылуу бар.

Ибадаттарга кайдыгер кароодон кайтаруу керек.

Кимде-ким өз милдетин аткарса жана анын жоопкерчилигин өтөсө, анда ал ырахат алат жана бейпилдикти сезет.

Булактар

Сунан Абу Дауд (7/ 338) (4985).

Дагы (4)

الكاشف عن حقائق السُّنن (4/1217).

عون المعبود وحاشية ابن القيم (13/ 225).

مرقاة المفاتيح (3/939).

شرح سنن أبي داود للعباد (567/ 6).