“Кимде-ким Аллах Тааланы Раббим деп, Исламды диним деп жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ыймандын даамын татыптыр".
Аббас бин Абдулмуталиб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын:
“Кимде-ким Аллах Тааланы Раббим деп, Исламды диним деп жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ыймандын даамын татыптыр".
«ذَاقَ طَعْمَ الْإِيمَانِ مَنْ رَضِيَ بِاللهِ رَبًّا، وَبِالْإِسْلَامِ دِينًا، وَبِمُحَمَّدٍ رَسُولًا».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Ыйманында чынчыл, ыйманы жүрөгүндө бейпилдик тапкан ыймандуу адам ушул үч ишке ыраазы болсо, жүрөгү менен тынчтыкты, кенендикти, кубанычты, Аллахка жакындыгынын даамын сезет: Биринчиси: Аллахтын Рабби экенине ыраазы болсо. Мында Аллахтын Раббилик тарабынан берилген ырыскыларга жана ар кандай абалдарга көкүрөгү кеңейип ыраазы болот. Жүрөгүндө ага каршы эч нерсени сезбейт жана Аллахтан башка нерсени Рабби кылып албайт. Экинчиси: Исламдын дин болгонуна ыраазы болуу. Мында Исламдын моюнга жүктөгөн буйруктарына жана важибтерине жүрөгү менен ыраазы болуп, Исламдын жолунан башка жолго ыраазы болбойт. Үчүнчүсү: Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элчи болгонуна ыраазы болуу. Мында пайгамбарыбыз алып келген динге шек-күмөнсүз ишенип, ага кубанып жана ыраазы болот. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолунан башка жолго түшпөйт.
Жеп, ичилген нерселердин тилге сезиле турган даамы болгон сыяктуу, ыймандын да жүрөккө гана сезиле турган даамы бар.
Жеп, ичилген нерселердин даамын оорудан таза дене гана сезе алат. Ошол сыяктуу жүрөк да напси каалоолорунан, кумар азгырыктарынан таза болсо, ыймандын даамын сезе алат. Эгер жүрөк "оорулуу" болсо, ыймандын даамын сезбейт. Тескерисинче, аны өлтүрө турган күнөөлөр жана напси каалоолорду өзүнө адал кылып сиңирип алат.
Эгерде инсан кайсы бир ишке ыраазы болсо жана аны жакшы кылса, ал ага жеңил болот, аны аткарууда эч кандай машакатты сезбейт. Ал иши үчүн кубанычта болот. Ошол сыяктуу эле ыймандуу адамдын жүрөгүнө ыйман отурукташса, ага Раббисине таат-ибадат кылуу жеңил болот. Напсиси ыраазы болот, сыноолор ага оордук жаратпайт.
Ибн Каййум минтип айткан: Бул хадис Аллах Тааланын рубубиятына да, улухиятына да ыраазы болууну, ошондой эле Анын элчисине да ыраазы болуп, аны ээрчүүнү, динине ыраазы болуп, ага берилүүнү ичине камтыган хадис.
Сахих Муслим (1/ 62) (34).
Дагы (2)
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (2/ 11).
إكمال المعلم بفوائد مسلم (1/ 270).
Китептерде келтирилген
7 КитептерДагы (7)
- التوحيد في ضوء عقيدة الإمام الشافعي رحمه الله ونصوصه ومروياته" ذاق طعم الإيمان من رضي بالله ربا، وبالإسلام دينا، وبمحمد رسولا ".([139])
- الخطب المنبريةموسوعة الخطب المنبرية (القسم الأول)«ذَاقَ طَعْمَ الإِيمَانِ مَن رَضِيَ بِاللَّهِ رَبًّا، وَبِالإِسْلَامِ دِينًا، وَبِمُحَمَّدٍ ﷺ رَسُولًا»
- الله -جل جلاله- أنيس المحبين وملاذ القاصدين«ذَاقَ طَعْمَ الإِيمَانِ مَنْ رَضِيَ بِاللهِ رَبًّا، وَبِالإِسْلَامِ دِينًا، وَبِمُحَمَّدٍ رَسُوْلًا»
- المناهج التعليمية - الصف الثانيمادة التوحيد - الصف الثاني«ذَاقَ طَعْمَ الإيمَانِ مَن رَضِيَ بِاللَّهِ رَبًّا، وَبِالْإِسْلَامِ دِينًا، وَبِمُحَمَّدٍ ﷺ نَبِيًّا» [5].
- تحفة الأخيار تحفة الأخيار (ببيان جملة نافعة مما ورد في الكتاب والسنة من الأدعية والأذكار)«ذَاقَ طَعْمَ الإِْيمَانِ مَنْ رَضِيَ بِاللهِ رَبًّا، وَبِالإِْسْلَامِ دِينًا، وَبِمُحَمَّدٍ رَسُولًا» [45].
- خطب تعظيم قدر الصلاة" ذَاقَ طَعْمَ الْإِيمَانِ مَنْ رَضِيَ بِاللهِ رَبًّا، وَبِالْإِسْلَامِ دِينًا، وَبِمُحَمَّدٍ رَسُولًا"
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (2)1«ذَاقَ طَعْمَ الإِيمَانِ مَنْ رَضِيَ بالله رَبًّا، وَبِالإِسْلاَمِ دِينًا، وَبِمُحَمَّدٍ رَسُولًا»