Кайра барып намаз оку, анткени сен намаз окуган жоксуң.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке кирди. Анан бир киши кирип намаз окуду да, Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам берди. Ал алик алып: "Кайра барып намаз оку, анткени сен намаз окуган жоксуң" - деди. Тиги кайтып барып мурдагысындай эле намаз окуду да, кайтып келип Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам берди. Ал: "Кайра барып намаз оку, анткени сен намаз окуган жоксуң" - деп үч жолу айтты. Ошондо тиги: "Сени акыйкат менен жиберген Затка ант, мен мындан башка жакшыраак кыла албайм, мага үйрөтүңүз" - деди. Ал айтты: "Эгерде намазга турсаң, такбир айт. Андан кийин Курандан өзүңө жеңил болгонун оку. Андан кийин рүкү кылып, рүкүдө толук тынчтанганга чейин тур. Анан көтөрүлүп, боюңду түзөп тик тур. Андан кийин сажда кылып, саждада толук тынчтанганга чейин тур. Анан көтөрүлүп, толук тынчтанып олтур. Жана ушул нерселерди бардык намаздарыңда аткар".
أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ دَخَلَ المَسْجِدَ فَدَخَلَ رَجُلٌ، فَصَلَّى، فَسَلَّمَ عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَرَدَّ وَقَالَ: «ارْجِعْ فَصَلِّ، فَإِنَّكَ لَمْ تُصَلِّ»، فَرَجَعَ يُصَلِّي كَمَا صَلَّى، ثُمَّ جَاءَ، فَسَلَّمَ عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: «ارْجِعْ فَصَلِّ، فَإِنَّكَ لَمْ تُصَلِّ» ثَلاَثًا، فَقَالَ: وَالَّذِي بَعَثَكَ بِالحَقِّ مَا أُحْسِنُ غَيْرَهُ، فَعَلِّمْنِي، فَقَالَ: «إِذَا قُمْتَ إِلَى الصَّلاَةِ فَكَبِّرْ، ثُمَّ اقْرَأْ مَا تَيَسَّرَ مَعَكَ مِنَ القُرْآنِ، ثُمَّ ارْكَعْ حَتَّى تَطْمَئِنَّ رَاكِعًا، ثُمَّ ارْفَعْ حَتَّى تَعْدِلَ قَائِمًا، ثُمَّ اسْجُدْ حَتَّى تَطْمَئِنَّ سَاجِدًا، ثُمَّ ارْفَعْ حَتَّى تَطْمَئِنَّ جَالِسًا، وَافْعَلْ ذَلِكَ فِي صَلاَتِكَ كُلِّهَا».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке кирди, андан кийин бир киши кирип, шашылыш эки рекет намаз окуду да, кыямында, рүкүсүндө жана саждасында тынчтанууну сактабады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын намазына көз салып турган эле. Анан ал мечиттин бир четинде олтурган Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип салам берди, ал саламына жооп кайтарып, ага мынтип айтты: Барып намазыңды кайра оку, анткени сен намаз окуган жоксуң. Тиги киши кайра барып, мурункусундай эле шашып намазын окуду да, андан кийин келип Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам берди. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай деди: Кайра барып намаз оку, анткени сен намаз окуган жоксуң. Ал муну үч жолу кылды. Анда тиги киши айтты: «Сизди акыйкат менен жиберген Затка ант, мен мындан башка жакшы жасай албайм, мага үйрөтүңүз». Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мынтип айтты: Намазга турганыңда алгачкы ихрам такбирин айт, анан Фатиха сүрөөсүн жана Аллах каалаган аяттарды оку. Анан алакандарыңды тизелериңе коюп, белиңди түзөп рүкү кыл да, рүкүдө толук тынчтанганга чейин тур. Анан өйдө бол да, сөөктөр өз муундарына кайтып келгенге чейин белиңди түзөп тике тур. Анан маңдайың менен мурдуңду, эки колуңду, эки тизеңди жана бутуңдун манжаларын жерге бекем коюп сажда кылып, саждада толук тынчтанганга чейин тур. Анан өйдө болуп, эки сажданын ортосунда толук тынчтанганга чейин олтур. Анан муну намазыңдын ар бир рекетинде аткар.
Бул намаздын түркүктөрү унутуп калуу же билбестик менен милдеттен түшүп калбайт. Буга Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуган адамга намазын кайра окууну буйруганы далил. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны жөн гана үйрөтүп коюу менен чектелген эмес.
Тынчтануу – намаздын түркүктөрүнүн бири.
Имам Навави айтат: Бул хадисте кимде-ким намаздын кээ бир важибдерин аткарбай койсо, анын намазы жарактуу болбойт дегенге далил бар.
Имам Навави мынтип айткан: Хадисте илим алуучуга жана билбеген адамга жумшак, сылык мамиле кылып, маселени ага ачык түшүндүрүп, максаттарын кыскача баяндап берүү керек. Ошондой эле, жаттап калууга жана аткарууга анын абалы көтөрө албай турган кошумча нерселерди кошпостон, ал үчүн эң маанилүү болгон нерселер менен гана чектелүү зарыл.
Имам Навави мынтип айткан: Хадисте эгер аалымдан бир нерсе тууралуу суралса жана сураган адам муктаж болуп, бирок ал жөнүндө сурабаган башка бир маселе бар болсо, анда аалымдын ал туралуу да айтып бергени мустахаб. Бул тиешеси жок сөздөрдү сүйлөө эмес, насаат кылуу болуп эсептелет.
Анын: «Мындан башка жакшы кыла албайм, мага үйрөт» деген сөзүнөн, кемчиликти моюнга алуунун пазилети.
Ибн Хажар мынтип айттат: Хадисте жакшылыкка буйруп жамандыктан тыюу жана билим алуучунун аалымдан өзүнө үйрөтүүнү талап кылуусу камтылган.
Жолукканда салам берүү мустахаб, ал эми алик алуу важиб. Ортодо аз убакыт өтсө да, ар жолуккан сайын саламды кайталап айтуу мустахаб жана ар бир жолу алик алуу важиб.
Сахих ал-Бухари (1/ 152) (757).
Сахих Муслим (1/ 298) (397).
Дагы (8)
تيسير العلام.
للبسام (ص167).
تنبيه الأفهام.
للعثيمين (2/ 213).
الإفهام في شرح عمدة الأحكام.
عبد العزيز بن باز (ص203).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (1/ 138).
Китептерде келтирилген
14 КитептерДагы (14)
- الأربعون في تعظيم قدر الصلاةالأربعون في تعظيم قدر الصلاة «ارْجِـــــــعْ فَصَلِّ، فَإِنَّكَ لَمْ تُصَلِّ»، فَرَجَــــــــعَ يُصَلِّي كَـــــــــمَا صَلَّى، ثُمَّ جَــــــاءَ، فَسَلَّمَ عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَـــــالَ: «ارْجِـــــــــــــــعْ فَصَــــــــلِّ، فَإِنَّ
- المناهج التعليمية - الصف الرابعالمناهج التعليمية - الصف الرابع - الفقه«إِذَا قُمْتَ إِلَى الصَّلَاةِ فَكَبِّرْ» [24].
- المناهج التعليمية - الصف الرابعالمناهج التعليمية - الصف الرابع - الفقه«ارْجِعْ فَصَلِّ فَإِنَّكَ لَمْ تُصَلِّ، فَرَجَعَ فَصَلَّى كَمَا صَلَّى، ثُمَّ جَاءَ فَسَلَّمَ عَلَى النَّبِيِّ ﷺ فَقَالَ: ارْجِعْ فَصَلِّ فَإِنَّكَ لَمْ تُصَلِّ.. ثَلاثًا، فَقَالَ: وَالَّذِي بَعَثَكَ بِالْحَقِّ مَا أُحْسِنُ غَيْرَهُ فَعَلّ
- النفحات المكية في تفسير كتاب رب البرية الجزء الأول«ثُمَّ اقْرَأْ مَا تَيَسَّرَ مَعَكَ مِنَ الْقُرْآنِ» [2].
- تطبيق القرآن والأذكارأذكار الصلاةالصَّلاةُ عَلَى النَّبيِّ –صلى الله عليه وسلم- بَعْدَ التَّشَهُّدِ
- خطب تعظيم قدر الصلاةأن رسول الله صلى الله عليه وسلم دخل المسجد فدخل رجل، فصلى، فسلم على النبي صلى الله عليه وسلم، فرد وقال: "ارْجِعْ فَصَلِّ، فَإِنَّكَ لَمْ تُصَلِّ"، فرجع يصلي كما صلى، ثم جاء، فسلم على النبي صلى الله عليه وسلم، فقال: "ارْجِعْ فَصَلِّ، فَإِنَّ
- ما لا يسع أطفال المسلمين جهله«إِذَا قُمْتَ إِلَى الصَّلَاةِ فَكَبِّرْ»[38].
- ما لا يسع أطفال المسلمين جهله«ثُمَّ ارْكَعْ حَتَّى تَطْمَئِنَّ رَاكِعًا، ثُمَّ ارْفَعْ حَتَّى تَعْتَدِلَ قَائِمًا»[40].
- ما لا يسع أطفال المسلمين جهله«ثُمَّ اسْجُدْ حَتَّى تَطْمَئِنَّ سَاجِدًا، ثُمَّ ارْفَعْ حَتَّى تَطْمَئِنَّ جَالِسًا»[41].
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (1)، والسيرة النبوبة (1)، والعقيدة (1)، والفقه (1)مجموعة زاد الفقه (1)«إذا قمت إلى الصلاة فكبر»
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (1)، والسيرة النبوبة (1)، والعقيدة (1)، والفقه (1)مجموعة زاد الفقه (1)«ثم اركع حتى تطمئن راكعا»
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (1)، والسيرة النبوبة (1)، والعقيدة (1)، والفقه (1)مجموعة زاد الفقه (1)«ثم اسجد حتى تطمئن ساجدا»
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (1)، والسيرة النبوبة (1)، والعقيدة (1)، والفقه (1)مجموعة زاد الفقه (1)«ثم ارفع حتى تطمئن جالسا»
- مشروع منهاج زادكزادك 1 طالب«إِذَا قُمْتَ إِلَى الصَّلَاةِ فَكَبِّرْ، ثُمَّ اقْرَأْ مَا تَيَسَّرَ مَعَكَ مِنَ الْقُرْآنِ، ثُمَّ ارْكَعْ حَتَّى تَطْمَئِنَّ رَاكِعًا، ثُمَّ ارْفَعْ حَتَّى تَعْدِلَ قَائِمًا، ثُمَّ اسْجُدْ حَتَّى تَطْمَئِنَّ سَاجِدًا، ثُمَّ ارْفَعْ حَتَّى