Чынында, Аллах силер үчүн үч нерсеге ыраазы болот жана силер үчүн үч нерсени жек көрөт.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Чындыгында, Аллах силер үчүн үч нерсеге ыраазы болот жана силер үчүн үч нерсени жек көрөт. Ал силердин буларды аткарууңарга ыраазы болот: Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылууңарга жана бардыгыңар Аллахтын жибин бекем кармап, бөлүнүп кетпөөңөргө. Ошондой эле силер үчүн буларды жек көрөт: Имиш-имиш сөздөрдү, көп суроо берүүнү жана мал-мүлктү туура эмес иштетүүнү."
«إِنَّ اللهَ يَرْضَى لَكُمْ ثَلَاثًا، وَيَكْرَهُ لَكُمْ ثَلَاثًا، فَيَرْضَى لَكُمْ: أَنْ تَعْبُدُوهُ، وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا، وَأَنْ تَعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا، وَيَكْرَهُ لَكُمْ: قِيلَ وَقَالَ، وَكَثْرَةَ السُّؤَالِ، وَإِضَاعَةِ الْمَالِ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала пенделеринен үч ишти жакшы көрөрүн жана алардан үчөөнү жаман көрөрүн кабарлаган, алардан жакшы көргөндөрү: Аллахты жалгыздоо жана Ага эч нерсени шерик кылбоо, баары биригип Аллахтын убадасын, Куранды жана Анын Пайгамбарынын сүннөтүн бекем кармануу жана мусулман жамаатынан бөлүнбөө. Жек көргөндөрүү: өздөрүнө тиешеси жок нерселер жөнүндө пайдасыз жана ашыкча сөз сүйлөө, боло элек нерселер жөнүндө суроо, же муктаждык болбосо да адамдардын мал-мүлкүн жана алардын колундагы нерселерин суроо, мал-мүлктү текке кетирүү, аны шариятта уруксат берилбеген жолдорго сарптоо жана анын бузулуп жок болуусуна дуушар кылуу.
Аллах Таала пенделеринен Ага чын ыкластан ибадат кылууну жакшы көрөт жана Ага каапырлык кылууну жек көрөт.
Аллах Тааланын жибин (Куранды) бекем кармоого үндөө. Анткени анда биригүү жана ынтымак бар.
Жамаат менен болууга үндөө, аны бекем карманууга жана катарларды бириктирүүгө буйруу, ошондой эле ага карама-каршы болгон бөлүнүүдөн жана каршы чыгуудан тыюу.
Өзүнө тиешеси жок нерселер жөнүндө ашыкча сүйлөөгө тыюу салынган. Анткени, эгер ал мубах болсо, анда убакытты текке кетирүү бар, ал эми арам болсо, анда көптөгөн күнөөлөр бар.
Адамдардын кабарларына аралашпоо, алардын абалдарын териштирбөө жана айткан сөздөрү менен кылган иштерин турабоо.
Адамдардын мал-мүлкүн көп суроодон тыюу.
Мал-мүлктү текке кетирүүнүн арамдыгы жана аны пайдалуу нерселерге колдонуп, сактап калууга үндөө.
Сахих Муслим (3/ 1340) (1715).
Сахих Муслим (3/ 1340) (1715).
Дагы (4)
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (30/ 85).
إكمال المعلم بفوائد مسلم (5/ 568).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (30/ 85).
إكمال المعلم بفوائد مسلم (5/ 568).
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (3)
- الحديث زاد 4الحديث 4«إِنَّ الله يَرْضَى لَكُمْ ثَلاثًا، وَيَكْرَهُ لَكُمْ ثَلاثًا، فَيَرْضَى لَكُمْ: أَنْ تَعْبُدُوهُ، وَلا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا، وَأَنْ تَعْتَصِمُوا بِحَبْلِ الله جَمِيعًا وَلا تَفَرَّقُوا، وَيَكْرَهُ لَكُمْ: قِيلَ وَقالَ، وَكَثْرَةَ السُّ
- الخطب المنبريةموسوعة الخطب المنبرية (القسم الأول)«إِنَّ اللَّهَ يَرْضَى لَكُمْ ثَلَاثًا، وَيَكْرَهُ لَكُمْ ثَلَاثًا، فَيَرْضَى لَكُمْ أَنْ تَعْبُدُوهُ، وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا، وَأَنْ تَعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا، وَيَكْرَهُ لَكُمْ قِيلَ وَقَالَ، وَكَثْرَ
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 8«إنَّ الله تَعَالىٰ يَرْضَىٰ لَكُمْ ثَلاثاً، وَيَكْرَهُ لَكُمْ ثَلاَثاً: فَيَرْضَىٰ لَكُمْ أَنْ تَعْبُدوه، وَلاَ تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئاً، وَأَنْ تَعْتَصِمُوا بِحَبْلِ الله جَمِيعاً وَلاَ تَفرَّقُوا. وَيَكْرَهُ لَكُمْ: قِيلَ وَقَالَ، وَكَثْر