Skip to content

Хасан менен Хусайн – бейиш элинин жаштарынын мырзалары.

التصنيف الشرعي
العقيدةأهل البيت وفضلهم

Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Хасан менен Хусайн – бейиш элинин жаштарынын мырзалары».

«الحَسَن والحُسَيْن سَيِّدا شَباب أهْل الجنة». «الْحَسَنُ وَالْحُسَيْنُ سَيِّدَا شَبَابِ أَهْلِ الْجَنَّةِ».

Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнүн эки небереси — Али менен Пайгамбардын кызы Фатиманын уулдары Хасан жана Хусейн (Аллах алардан ыраазы болсун) тууралуу кабар берген: бул экөө — жаш курагында кайтыш болуп бейишке киргендердин бардыгынын пазилеттеги (кадыр-барктагы) мырзалары болуп саналат; же болбосо алар — пайгамбарлар менен туура жолдогу халифтерден (хулафаур-рашидиндерден) тышкары, бейиш элдеринин жаштарынын мырзалары болуп саналат.

Хадистин пайдалары

Хасан менен Хусайндын (Аллах алардан ыраазы болсун) ачык-айкын артыкчылыгы.

Хадистин мааниси тууралуу мындай деп айтылган: хадис айтылып жаткан убакта ал экөө ошол доордогу бейиш элинен болгон жаштардын мырзалары болушкан. Же болбосо алар — пайгамбарлар жана халифтер сыяктуу жалпы артыкчылыгы бекемделген инсандардан тышкары, калган бардык бейиштиктерден абзел (жогору) турушат. Же болбосо, алар адамгерчилик, айкөлдүк жана эр жүрөктүк сыяктуу жаштык жана жигиттик сыпаттарга ээ болгондордун мырзасы. Муну менен алардын жаш курагы максат кылынган эмес, анткени Хасан менен Хусайн орто жашка барып көз жумушкан.

Булактар

Сунан ат-Тирмизи (6/ 113) (3768).

Муснад Ахмад (17/ 31) (10999).

Сунан ат-Тирмизи (6/ 113) (3768).

Муснад Ахмад (17/ 31) (10999).

Дагы (12)

حاشية السندي على سنن ابن ماجه.

محمد بن عبد الهادي التتوي (1/ 56).

تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.

محمد المباركفوري (10/ 178).

المصباح المنير في غريب الشرح الكبير.

لأحمد الفيومي (1/ 294).

حاشية السندي على سنن ابن ماجه.

محمد بن عبد الهادي التتوي (1/ 56).

تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.

محمد المباركفوري (10/ 178).

المصباح المنير في غريب الشرح الكبير.

لأحمد الفيومي (1/ 294).