"Ким бизге каршы курал көтөрсө, анда ал бизден эмес".
Абу Муса Аль-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Ким бизге каршы курал көтөрсө, анда ал бизден эмес".
«مَنْ حَمَلَ عَلَيْنَا السِّلَاحَ فَلَيْسَ مِنَّا».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандарга каршы курал алып жүрүүдөн, аларды коркутуп-үркүтүүдөн же талап-тоноодон эскертүүдө. Ким муну акыйкатты тургузуу үчүн кылбаса, анда чоң кылмыш жана чоң күнөө кылган болот. Ошондой эле бул оор азапка татыктуу болот.
من حمل علينا السلاح: المقصود به من حمل السلاح؛ لقتال المسلمين أو لإرهاربهم.
Мусулман мусулман бир туугандары менен согушуусунан катуу эскертти.
Жер жүзүндөгү эң чоң жийиркеничтүү иштердин жана чоң бузукулуктардын бири – мусулмандарга курал көтөрүү жана өлтүрүү менен бузукулук кылуу.
Жогоруда айтылган катуу эскертүү акыйкатты тургузуу үчүн күрөшкөндөрдү камтыбайт. Алар мисалы: эл башчысына каршы чыккандар менен согушкандар, бузукулар менен согушкандар ж.б.
Мусулмандарды тамаша иретинде болсо да курал же башка нерсе менен коркутууга тыюу салынган.
Сахих ал-Бухари (9/ 49) (7071).
Сахих Муслим (1/ 98) (100).
Дагы (8)
خلاصة الكلام شرح عمدة الأحكام.
لفيصل آل مبارك (ص406).
الإفهام في شرح عمدة الأحكام.
لابن باز (ص815).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (2/ 195).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص752).