Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)".
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтты: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:
Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)".
«قَالَ اللهُ تَعَالَى: قَسَمْتُ الصَّلَاةَ بَيْنِي وَبَيْنَ عَبْدِي نِصْفَيْنِ، وَلِعَبْدِي مَا سَأَلَ، فَإِذَا قَالَ الْعَبْدُ: {الْحَمْدُ لِلهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ}، قَالَ اللهُ تَعَالَى: حَمِدَنِي عَبْدِي، وَإِذَا قَالَ: {الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ}، قَالَ اللهُ تَعَالَى: أَثْنَى عَلَيَّ عَبْدِي، وَإِذَا قَالَ: {مَالِكِ يَوْمِ الدِّينِ}، قَالَ: مَجَّدَنِي عَبْدِي، -وَقَالَ مَرَّةً: فَوَّضَ إِلَيَّ عَبْدِي-، فَإِذَا قَالَ: {إِيَّاكَ نَعْبُدُ وَإِيَّاكَ نَسْتَعِينُ}، قَالَ: هَذَا بَيْنِي وَبَيْنَ عَبْدِي وَلِعَبْدِي مَا سَأَلَ، فَإِذَا قَالَ: {اهْدِنَا الصِّرَاطَ الْمُسْتَقِيمَ، صِرَاطَ الَّذِينَ أَنْعَمْتَ عَلَيْهِمْ غَيْرِ الْمَغْضُوبِ عَلَيْهِمْ وَلا الضَّالِّينَ}، قَالَ: هَذَا لِعَبْدِي وَلِعَبْدِي مَا سَأَلَ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадиси кудсийде, Аллах Тааланын айтканын кабар берди: "Мен Фатиха сүрөөсүн намазда Өзүм менен пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, жарымы мен үчүн, жарымы ал үчүн". Биринчи жарымы: Аллахка шүгүрлөр, мактоолор жана улуктоо жана аны эң жакшы сыйлык менен сыйлоо. Экинчи жарымы: дуба жана жалбаруу. Аллах Таала айтты: "Мен ага жооп берем жана сураганын берем" - деди. Намаз окуган адам: "Альхамду лиллахи Раббиль ааълямиин" - десе, Аллах айтат: "Менин пендем мага шүгүрлөрдү айтты". Эгер ал: "Ар-Рахманир Рахийм" - десе, Аллах айтат: «Менин пендем Мени мактады жана Мага шүгүрлөрөрдү айтты. Менин жаратканыма болгон жакшылыктарды жалпылай моюнга алды". Эгер ал: "Маалики яумуддиин" - десе, Аллах айтат: "Менин пендем Мени улуктады, бул эң чоң сыймык". Эгер намаз окуган адам: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - десе, Аллах: "Бул Мен менен пендемдин ортосунда" - дейт. Бул аяттын биринчи жарымы Аллахка таандык. Ал аят: "Иййака наьбуду". Бул - ибадат Аллахка гана болоорун моюнга алуу жана Ага гана ибадат кылууну кабыл алуу. Ушул менен Аллахка тиешелүү жарымы бүтөт. Ал эми аяттын экинчи жарымы пенде үчүн. Ал аят: "Иййака настаьийн". Бул - Аллахтан жардам суроо жана Анын жардам берүүгө болгон убадасы. Эгерде намаз окуучу: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - десе, Аллах айтат: "Бул Менин пендемдин дубасы жана жалбаруусу. Пендемдин сураганы берилет жана мен анын дубасын кабыл кылдым".
...:
Фатиха сүрөөсүнүн эң чоң мааниси – Аллах Таала аны намаз (Солах) деп атаган.
Аллах Тааланын Өзүнүн пендесине жардам берээрин баяндап жатат. Анткени Аллах Таала аны мактоо-шүгүрлөрдү айтканы себептен жана улуктаганы себептен мактады жана сураганын берем деп убада берди.
Бул ыйык сүрөө Аллахка мактоо-шүгүрлөрдү айтууну, Кыямат күнүн эскертүүнү, Аллахка дуба кылууну, Ага гана чын ыкластан ибадат кылууну, туура жолго салууну суроону жана бузуку жолдордон сактанууну камтып алган.
Намаз окуучу бул хадистин маанисин түшүнсө Фатиха сүрөөсүн окуган кезде анын намаздагы коркуп туруусу күчөйт.
Сахих Муслим (1/ 296) (395).
Дагы (4)
إكمال المعلم (2/275).
المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (2/ 27).
شرح النووي على مسلم (4/103).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (9/ 232) (9/ 253).
Китептерде келтирилген
14 КитептерДагы (14)
- الأربعون في تعظيم قدر الصلاةالأربعون في تعظيم قدر الصلاة «قَالَ اللهُ تَعَالَى: قَسَمْتُ الصَّلَاةَ بَيْنِــي وَبَيْنَ عَبْدِي نِصْفَـــيْنِ، وَلِعَبْدِي مَا سَـــأَلَ، فَإِذَا قَالَ الْعَبْدُ: ﴿الْحَــمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ﴾، قَالَ اللهُ تَعَالَى: حَـــمِدَنِي عَبْدِي، وَإِذَا قَالَ: ﴿
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهمالصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«قَالَ اللهُ تَعَالَى: قَسَمْتُ الصَّلَاةَ بَيْنِي وَبَيْنَ عَبْدِي نِصْفَيْنِ، وَلِعَبْدِي مَا سَأَلَ، فَإِذَا قَالَ الْعَبْدُ: (الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ)، قَالَ اللهُ تَعَالَى: حَمِدَنِي عَبْدِي، وَإِذَا قَالَ: (الرَّحْمَنِ ا
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«قَالَ اللهُ تَعَالَى: قَسَمْتُ الصَّلَاةَ بَيْنِي وَبَيْنَ عَبْدِي نِصْفَيْنِ، وَلِعَبْدِي مَا سَأَلَ، فَإِذَا قَالَ الْعَبْدُ: (الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ)، قَالَ اللهُ تَعَالَى: حَمِدَنِي عَبْدِي، وَإِذَا قَالَ: (الرَّحْمَنِ ا
- صلاتنا الخاشعة"قَالَ اللهُ تَعَالَى: قَسَمْتُ الصَّلَاةَ بَيْنِي وَبَيْنَ عَبْدِي نِصْفَيْنِ، وَلِعَبْدِي مَا سَأَلَ، فَإِذَا قَالَ الْعَبْدُ: ﴿ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ﴾ [الفاتحة: 2]، قَالَ اللهُ تَعَالَى: حَمِدَنِي عَبْدِي، وَإِذَا قَالَ: ﴿
- مجموعة زاد التفسير (1)التفسير 1«قال الله تعالى: قَسَمْتُ الصَّلاةَ بَيني وَبَينَ عَبدي نِصْفَينِ وَلِعَبدي ما سَألَ، فَإِذا قال العبدُ: ﴿الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ﴾ . قال الله تعالى: حَمِدَنِي عَبدي، وإذا قال: ﴿الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ﴾ . قال الله تعالى: أَثنَى
- مجموعة زاد التفسير (1)التفسير 1«فنصفها لعبدي ولعبدي ما سأل»
- محاضرات تعظيم قدر الصلاةمحاضرات في تعظيم قدر الصلاة﴿ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ 2﴾ ، يقول الله تعالى: حمدني عبدي، وإذا قال: ﴿ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ 3﴾ ، يقول الله تعالى: أثنى علي عبدي، وإذا قال: ﴿مَٰلِكِ يَوۡمِ ٱلدِّينِ 4﴾ ، يقول الله تعالى: مجدني عبدي، فإذا قال: ﴿إِيَّاكَ نَعۡبُ
- محاضرات تعظيم قدر الصلاةمحاضرات في تعظيم قدر الصلاة"قَالَ اللهُ تَعَالَى: قَسَمْتُ الصَّلَاةَ بَيْنِــي وَبَيْنَ عَبْدِي نِصْفَـــيْنِ، وَلِعَبْدِي مَا سَـــأَلَ، فَإِذَا قَالَ الْعَبْدُ: ﴿ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ 2﴾ ، قَالَ اللهُ تَعَالَى: حَـــمِدَنِي عَبْدِي، وَإِذَا قَالَ:
- محاضرات تعظيم قدر الصلاةمحاضرات في تعظيم قدر الصلاة" قَالَ اللهُ تَعَالَى: قَسَمْتُ الصَّلَاةَ بَيْنِي وَبَيْنَ عَبْدِي نِصْفَيْنِ، وَلِعَبْدِي مَا سَأَلَ، فَإِذَا قَالَ الْعَبْدُ: ﴿ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ 2﴾ [الفاتحة: 2]، قَالَ اللهُ تَعَالَى: حَمِدَنِي عَبْدِي، وَإِذَا قَالَ
- محاضرات تعظيم قدر الصلاةمحاضرات في تعظيم قدر الصلاة"هَذَا بَيْنِي وَبَيْنَ عَبْدِي "
- محاضرات تعظيم قدر الصلاةمحاضرات في تعظيم قدر الصلاة"هَذَا بَيْنِي وَبَيْنَ عَبْدِي "
- مشروع منهاج زادكزادك 1 طالب«قَالَ اللهُ تَعَالَى: قَسَمْتُ الصَّلَاةَ بَيْنِي وَبَيْنَ عَبْدِي نِصْفَيْنِ، وَلِعَبْدِي مَا سَأَلَ، فَإِذَا قَالَ الْعَبْدُ: (ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ)، قَالَ اللهُ تَعَالَى: حَمِدَنِي عَبْدِي، وَإِذَا قَالَ: (ٱلرَّحۡمَٰنِ
- من الأحكام الفقهية في الطهارة والصلاة والجنائز«قَسَمْتُ الصَّلَاةَ بَيْنِي وَبَيْنَ عَبْدِي نِصْفَيْنِ، وَلِعَبْدِي مَا سَأَلَ، فَإِذَا قَالَ الْعَبْدُ: ﴿ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ﴾ قَالَ اللهُ تَعَالَى: حَمَدَنِي عَبْدِي. وَإِذَا قَالَ: ﴿ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ﴾ قَالَ اللهُ
- نبراس طالب (1)1«قَالَ اللهُ تَعَالَى: قَسَمْتُ الصَّلَاةَ بَيْنِي وَبَيْنَ عَبْدِي نِصْفَيْنِ، وَلِعَبْدِي مَا سَأَلَ، فَإِذَا قَالَ الْعَبْدُ: {الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ(2)}، قَالَ اللهُ تَعَالَى: حَمِدَنِي عَبْدِي، وَإِذَا قَالَ: {الرَّحْمَن