Skip to content

«Кимде-ким (мусулман) бир тууганынын абийирин ал жокто коргосо, Аллах кыямат күнү анын жүзүн тозоктон сактайт».

Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Кимде-ким (мусулман) бир тууганынын абийирин ал жокто коргосо, Аллах кыямат күнү анын жүзүн тозоктон сактайт».

«مَنْ رَدَّ عَنْ عِرْضِ أَخِيهِ رَدَّ اللهُ عَنْ وَجْهِهِ النَّارَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ».

Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким өзүнүн мусулман бир тууганын ал жокто аны жамандабай же ага жамандык кылбай анын абийирин коргосо, анда Аллах Таала Кыямат күнү андан азапты кайтараарын кабар берип жатат.

Сөздөрдүн маанилери

عِرْضِ أَخِيهِ: العرض هو ما يُمْدَح به الإنسان أو يذم.

Хадистин пайдалары

Мусулмандардын абийирин төгүүгө тыюу салынат.

Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык же жаза болот. Ошондуктан кимде-ким мусулман бир тууганынын абийирин төгүүдөн жүз бурса, анда Аллах Кыямат күнү аны тозокко түшүүдөн кайтарат.

Ислам - бул мусулмандардын ортосундагы бир туугандыктын жана жардамдашуунун дини.

Булактар

Сунан ат-Тирмизи (3/ 488) (1931).

Муснад Ахмад (45/ 528) (27543).

Дагы (8)

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

للبسام (7/ 499).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (10/ 349).

فتح ذي الجلال والإكرام.

لابن عثيمين (6/ 437).

سبل السلام بشرح بلوغ المرام.

للصنعاني (2/ 692).