Skip to content

Ким «Кахф» сүрөсүнүн алгачкы он аятын жаттаса, Дажжалдын азгырыгынан сак болот. Ал эми дагы бир риваятта: «Кахф сүрөсүнүн акыркы аяттарынан», – деп айтылган.

Абу Дарда (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Ким "Кахф" сүрөсүнүн алгачкы он аятын жаттаса, Дажжалдын азгырыгынан сак болот. Ал эми дагы бир риваятта: "Кахф сүрөсүнүн акыркы аяттарынан", – деп айтылган».

«مَنْ حَفِظَ عَشْرَ آيَاتٍ مِنْ أَوَّلِ سُورَةِ الكَهْفِ، عُصِمَ مِنَ الدَّجَّالِ». وفي رواية: «مِنْ آخِرِ سُورَةِ الكَهْف».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлагандай, ким «Кахф» сүрөсүнүн алгачкы он аятын бекем жаттаса, акыр заманда чыгып, «кудаймын» деп доомат кыла турган Масих Дажжалдын азгырыгынан сакталат жана корголот. Анын азгырыгы – Адам ата жаратылгандан баштап кыямат кайымга чейин жер бетинде боло турган эң чоң азгырык болуп саналат. Себеби Аллах Таала ага өзүн ээрчигендерди азгыра турган кээ бир адаттан тыш кубулуштарды жасоого мүмкүнчүлүк берет. Мунун сыры – «Кахф» сүрөсүнүн алгачкы бөлүгүндө Дажжал адамдарды азгыра турган нерселерден да улук болгон таң калыштуу окуялар менен аят-далилдердин камтылгандыгында. Ошондуктан ким ал аяттардын маанисине терең ой жүгүртсө, Дажжалдын азгырыгына алдырбайт. Дагы бир риваятта бул сүрөнүн акыркы он аяты экени айтылган. Ал Аллах Тааланын: «Каапырлар... ойлошобу?» – деген сөзүнөн башталат.

Хадистин пайдалары

Мына ушундайча, «Кахф» сүрөсүнүн пазилети, ошондой эле анын алгачкы же акыркы он аяты Дажжалдын азгырыгынан сактай тургандыгы тууралуу айтылды.

Дажжал тууралуу кабар берүү жана андан сактануу жолдорун баяндоо.

Кахф сүрөсүн толугу менен жаттоого Пайгамбарыбыз үндөөдө, эгер буга күчү жетпесе, анда алгачкы жана акыркы он аятын жаттасын.

Куртуби мунун себеби тууралуу мындай деген: «Биринчиден, бул Үңкүр ээлеринин окуясындагы таң калыштуу көрүнүштөр жана аят-белгилер менен байланыштуу. Кимде-ким аларга токтолуп, акыл жүгүртсө, Дажжалдын кылгандары ага таң калыштуу көрүнбөйт, андан коркпойт жана анын фитнасына алдырбайт. Экинчиден, Аллах Тааланын: „Өз алдынан болгон катаал азаптан эскертүү үчүн“ деген аятына байланыштуу. Мында азаптын катаалдыгына жана анын Аллахтан экендигине өзгөчө басым жасалууда. Бул Дажжалдын кудайлыкты доомат кылуусуна, үстөмдүк жүргүзүүсүнө жана анын фитнасынын чоңдугуна дал келет. Ошондуктан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын ишинин коркунучтуулугун белгилеп, андан эскерткен жана анын фитнасынан сактанууну насаат кылган. Ошентип, хадистин мааниси мындай: ким бул аяттарды окуп, аларга акыл жүгүртүп, маанисине терең токтолсо, анын азгырыгынан сак болот жана аман калат».

Булактар

Сахих Муслим (1/ 555) (809).

Дагы (11)

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (2/ 243).

شرح النووي على مسلم (6/ 92).

فيض القدير شرح الجامع الصغير.

لعبدالرؤوف المناوي (6/ 119).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (13/ 115).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لملا القاري (4/ 1465).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمصطفى الخن (2/ 760).