«Эй, аялдар жамааты! Садака бергиле, анткени мага тозок элинин көпчүлүгү силер экениңер көрсөтүлдү». Алар: «Эмне үчүн, оо, Аллахтын Элчиси?» - деп сурашты. Пайгамбар: «Силер каргышты көп айтасыңар жана күйөөңөрдүн жакшылыгын танбайсынар. Акылы жана дини кем болгондордун ичинен чечкиндүү эркектин акылын силерчелик алган эч кимди көрбөдүм»
Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Курман айтта же Орозо айтта намаз окуучу жайга чыкты да, аялдардын жанынан өтүп баратып минтип айтты:
"«Эй, аялдар жамааты! Садака бергиле, анткени мага тозок элинин көпчүлүгү силер экениңер көрсөтүлдү». Алар: «Эмне үчүн, оо, Аллахтын Элчиси?» - деп сурашты. Пайгамбар: «Силер каргышты көп айтасыңар жана күйөөңөрдүн жакшылыгын танбайсынар. Акылы жана дини кем болгондордун ичинен чечкиндүү эркектин акылын силерчелик алган эч кимди көрбөдүм», - деди. Алар: «Биздин динибиздин жана акылыбыздын кемчилдиги эмнеде, Оо, Аллахтын Элчиси?» - дешти. Пайгамбар: «Аялдын күбөлүгү эркектин күбөлүгүнүн жарымына барабар эмеспи?» - деди. Алар: «Ооба», - дешти. Пайгамбар: «Мына ушул – анын акылынын кемчилдиги. Эгерде аялдын айызы келсе намаз окубайт жана орозо кармабайт эмеспи?» - деди. Алар: «Ооба», - дешти. Пайгамбар: «Мына ушул – анын дининин кемчилдиги», - деди."
«يَا مَعْشَرَ النِّسَاءِ، تَصَدَّقْنَ، فَإِنِّي أُرِيتُكُنَّ أَكْثَرَ أَهْلِ النَّارِ» فَقُلْنَ: وَبِمَ يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: «تُكْثِرْنَ اللَّعْنَ، وَتَكْفُرْنَ العَشِيرَ، مَا رَأَيْتُ مِنْ نَاقِصَاتِ عَقْلٍ وَدِينٍ أَذْهَبَ لِلُبِّ الرَّجُلِ الحَازِمِ مِنْ إِحْدَاكُنَّ»، قُلْنَ: وَمَا نُقْصَانُ دِينِنَا وَعَقْلِنَا يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: «أَلَيْسَ شَهَادَةُ المَرْأَةِ مِثْلَ نِصْفِ شَهَادَةِ الرَّجُلِ» قُلْنَ: بَلَى، قَالَ: «فَذَلِكِ مِنْ نُقْصَانِ عَقْلِهَا، أَلَيْسَ إِذَا حَاضَتْ لَمْ تُصَلِّ وَلَمْ تَصُمْ» قُلْنَ: بَلَى، قَالَ: «فَذَلِكِ مِنْ نُقْصَانِ دِينِهَا».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айт күнү намаз окуучу жайга чыкты. Ал аялдарга өзүнчө насаат айтууну убада кылган эле, ошол күнү убадасын аткарып, мындай деди: Эй, аялдар жамааты! Садака бергиле жана көп кечирим сурагыла, анткени бул экөө – күнөөлөрдүн кечирилүүсүнүн эң чоң себептеринен. Чындыгында, мен Исра түнүндө тозок элинин көпчүлүгү силер экениңерди көрдүм. Ошондо алардын арасынан акыл-эстүү, токтоо жана салмактуу бир аял: "Оо, Аллахтын Элчиси! Эмне үчүн биз тозок элинин көбү болобуз?" - деди. Ал мындай деди: Төмөнкү иштер себептүү: силер каргышты жана тилдөөнү көбөйтөсүңөр жана күйөөнүн акысын танбайсыңар. Андан соң Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды минтип сыпаттаган: "Мен акылы жана дини кем болсо да, акыл-эстүү, чечкиндүү жана өз ишин так билген эркекти силерчелик жеңип алган эч кимди көрбөдүм". Ал: "Оо, Аллахтын Элчиси, акылдын жана диндин кемчилдиги эмнеде?" - деп сурады. Ал айтты: "Акылынын кемчилигине келсек, эки аялдын күбөлүгү бир эркектин күбөлүгүнө барабар. Мына ушул – акылынын кемчилиги. Ал эми дининин кемчилдиги – бул сооптуу амалдын кемчилдиги. Анткени ал айыздын себебинен бир нече күн жана түндөрдү намаз окубай өткөрөт жана айыздын себебинен Рамазан айында бир нече күн орозо кармабай таштап коёт. Мына ушул – дининин кемчилдиги. Бирок алар мындай кылганы үчүн айыпталышпайт жана ал үчүн жоопко тартылышпайт. Анткени бул – жаратылышынын негизинен болот. Бул кудум эле инсандын байлыкка кызыгуучу, өз иштеринде шашкалак, наадан жана башка ушул сыяктуу сыпаттар менен жаратылганы сыяктуу. Бирок аялдарга алданып, фитна-азгырыкка ээрчип кетүүдөн эскертүү максатында ушул нерселерге көңүл бурдурган."
Аялдардын айт намазына чыгуусу жана аларга өзүнчө насаат айтылышы мустахаб.
Күйөөнүн жакшылыгын танып кетүү жана көп каргыш айтуу – чоң күнөөлөрдөн. Анткени тозоктун убада кылынуусу күнөөнүн чоң экенинин белгиси.
Мында ыймандын көбөйүүсү жана азайышы баяндалат: кимдин ибадаты көбөйсө, ыйманы жана дини көбөйөт, ал эми кимдин ибадаты азайса, дини азаят.
Ан-Навави минтип айткан: Акыл көбөйүп жана азайып турат, ошондой эле ыйман дагы. Аялдардагы кемчиликти эскертүүдөн максат – ал үчүн аларды айыптоо эмес. Анткени, бул алардын түпкү жаратылышында бар. Бирок, муну эскертүү – аларга азгырылуудан эскертүү болуп саналат. Ошондуктан, азапты кемчиликке эмес, жогоруда айтылган шүгүрсүздүк жана башка нерселерге байланыштырган. Диндин азаюусу болсо күнөөгө дуушар кыла турган нерселер менен гана чектелбейт, тескерисинче, ал андан да кененирээк.
Бул жерде, эгерде анын мааниси айкын болбосо, үйрөнүүчүнүн билген адамга, ал эми ээрчүүчүнүн ээрчиткен адамга кайрылып, аны кайра сурап, тактап алуусу баяндалат.
Мында аялдын күбөлүгү эркектин күбөлүгүнүн жарымына барабар экендиги айтылат, мунун себеби, анын эске тутуу тактыгынын начарыраак болгондугунда.
Ибн Хажар пайгамбардын: «...кем болгондордун ичинен... ж.б.» деген сөзү тууралуу мындай деген: «Менин баамымда, бул нерсе алардын тозок элинин көбү болуусунун себептеринин катарына кирет. Анткени, эгерде алар чечкиндүү эркектин акылын кетирүүгө себепчи болуп, натыйжада ал кылбоого тийиш болгон ишти кылса же айтпоого тийиш болгон сөздү айта турган болсо, анда алар аны менен күнөөгө шерик болушуп, андан да ашып түшүшөт».
Аялга айызы келген учурда намаз окууга жана орозо кармоого тыюу салынган, нифас каны келген аял дагы ушул сыяктуу. Кийин экөө тең тазарган учурунда орозонун гана казасын өтөөгө милдеттүү.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшы кулк-мүнөзү. Анткени, ал аялдардын суроолоруна урушпастан жана жемелебестен жооп берген.
Ибн Хажар минтип айткан: Садака азапты кетирет жана ал пенделердин ортосундагы күнөөлөрдү жууп-кетириши мүмкүн.
Ан-Навави минтип айткан: "Аялдардын дининдеги кемчилик – алардын айыз мезгилинде намазды жана орозону таштап коюусунун себебинен болот. Анткени кимдин ибадаты көбөйсө, анын ыйманы жана дини артат, ал эми кимдин ибадаты азайса, дини да азаят. Ошондой эле, диндин кем болуусу кээде адамга күнөө боло турган түрдө болот. Мисалы, эч кандай үзүрү жок эле өзүнө парз болгон намазды, орозону же башка ибадаттарды таштап койгон адам сыяктуу. Кээде анда эч кандай күнөө болбой турган түрдө да болот. Мисалы, эч кандай үзүрү жок болсо да өзүнө парз болбогон жума намазын, казатты же башка амалдарды таштап койгон адам сыяктуу. Ал эми кээде шарият тарабынан ошого милдеттендирилген түрдө болот. Мисалы, айыз көргөн аялдын намазды жана орозону таштап коюусу сыяктуу."
Сахих ал-Бухари (1/ 68) (304).
Сахих Муслим (2/ 605) (889).
Дагы (16)
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري.
لأحمد القسطلاني (1/ 346).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
لعلي القاري (1/ 92).
مرعاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
لعبيد الله المباركفوري (1/ 80).
فتح الباري شرح صحيح البخاري.
لابن رجب (2/ 39).
المنهاج شرح صحيح مسلم.
للنووي (2/ 65).
شرح صحيح البخاري.
لابن بطال (1/ 418).
توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (3/ 405).
منار القاري.
لحمزة قاسم (1/ 329).
Китептерде келтирилген
7 КитептерДагы (7)
- أسئلة وأجوبة عن شهر رمضان للصغار، ولا يستغني عنها الكبار«... أَلَيْسَ إِذَا حَاضَتْ لَمْ تُصَلِّ وَلَمْ تَصُمْ»
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهمالصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهمخَرَجَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ فِي أَضْحَى أَوْ فِطْرٍ إِلَى المُصَلَّى، فَمَرَّ عَلَى النِّسَاءِ، فَقَالَ: «يَا مَعْشَرَ النِّسَاءِ تَصَدَّقْنَ فَإِنِّي أُرِيتُكُنَّ أَكْثَرَ أَهْلِ النَّارِ» فَقُلْنَ: وَبِمَ يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: «تُكْثِر
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهمخَرَجَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ فِي أَضْحَى أَوْ فِطْرٍ إِلَى المُصَلَّى، فَمَرَّ عَلَى النِّسَاءِ، فَقَالَ: «يَا مَعْشَرَ النِّسَاءِ تَصَدَّقْنَ فَإِنِّي أُرِيتُكُنَّ أَكْثَرَ أَهْلِ النَّارِ» فَقُلْنَ: وَبِمَ يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: «تُكْثِر
- الصيام ومجموعة أسئلة في أحكامه«أَلَيْسَ إِذَا حَاضَتْ لَمْ تُصَلِّ وَلَمْ تَصُمْ؟»[18]،
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (1)، والسيرة النبوبة (1)، والعقيدة (1)، والفقه (1)مجموعة زاد الفقه (1)«أليس إذا حاضت لم تصل ولم تصم»
- مجموعة زاد الفقه (3)الفقه 3«أَلَيْسَ إذا حاضت لم تصلِّ ولم تصُمْ؟ فذلك من نقصانِ دينِهَا»
- نبراس طالب (3)نبراس طالب 3«أَلَيْسَ إِذَا حَاضَتْ لَمْ تُصَلِّ وَلَمْ تَصُمْ؟...»