Skip to content

Аллахумма баъид байни ва байна хотойайа камаа баъадта байнал машрики вал магриб,

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такбир айтып намазга киргенден кийин (Фатиханы) окуганга чейин бир саамга унчукпай турчу. Ошондо мен: О, Аллахтын элчиси, ата-энем сага курман болсун, такбир менен кырааттын ортосунда унчукпай турдуңуз, ал учурда эмнени окуйсуз? - деп сурадым. Ал: " Аллахумма баъид байни ва байна хотойайа камаа баъадта байнал машрики вал магриб, Аллахумма наккини мин хотойайа камаа йунаккас савбул абйазу минад-данаси, Аллахуммаг силнии мин хотойайа бис-салжи вал-мааи вал-баради" деп айтамын" - деди.

كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، إِذَا كَبَّرَ فِي الصَّلَاةِ، سَكَتَ هُنَيَّةً قَبْلَ أَنْ يَقْرَأَ، فَقُلْتُ: يَا رَسُولَ اللهِ بِأَبِي أَنْتَ وَأُمِّي أَرَأَيْتَ سُكُوتَكَ بَيْنَ التَّكْبِيرِ وَالْقِرَاءَةِ، مَا تَقُولُ؟ قَالَ «أَقُولُ: اللهُمَّ بَاعِدْ بَيْنِي وَبَيْنَ خَطَايَايَ كَمَا بَاعَدْتَ بَيْنَ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ، اللهُمَّ نَقِّنِي مِنْ خَطَايَايَ كَمَا يُنَقَّى الثَّوْبُ الْأَبْيَضُ مِنَ الدَّنَسِ، اللهُمَّ اغْسِلْنِي مِنْ خَطَايَايَ بِالثَّلْجِ وَالْمَاءِ وَالْبَرَدِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такбир айтып намазга киришкенден кийин фатиханы окуганга чейин бир азга унчукпай туруп калчу. Б.а. намазды кайсы бир дубаны окуп баштачу. Анын окуган дубасы мындай эле: О, Аллах! Мен менен менин каталарымдын арасын батыш менен чыгыштын арасын узак кылгандай узак кыл! О, Аллах! Ак кийим кирден таза болгондой мени да каталарымдан тазарта көр! О, Аллах! Менин каталарымды кар, суу жана шүүдүрүм менен жуба көр! Ал күнөө кылбастыгы үчүн күнөөлөрү менен анын ортосун чыгыш менен батыш бири-бирине жолуга албагандай эч жолуга албай турган алыс кылгын деп дуба кылган. Кокус ага жолугуп калса б.а. күнөө кылып калса, анда аны ак кийимдин кирин кетирип тазалагандай таптаза кылуусун, күнөөсүн эң жакшы муздак тазалоочу суу, кар жана шүүдүрүм менен тазалагандай тазалап анын табын жана ысыгын кетирүүсүн суранып дуба кылган.

Сөздөрдүн маанилери

هُنَيْهَة: قليل من الزمان. والمراد هنا: أن يسكت سكتة لطيفة.

Хадистин пайдалары

Намаз жарыя окулчу намаз болсо да, намазга киришкенде айтылчу бул дуба купуя окулат.

Сахабалар пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир кыймылына жана унчукпай турганына кызыгып, ошол учурда эмне деп жатканын билүүгө кызыктар болушкан.

Намазды баштоо дубасынын башкача айтылгандары да бар. Жакшысы, анык пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан бул дубалардын баарын билип, кээде бирин, кээде башкасын айтып жүрүүсү керек.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 149) (744).

Сахих Муслим (1/ 419) (598).

Дагы (6)

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 118).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص143).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (2/ 186).