Skip to content
النَّبَإ /

Аят 1

78 : 1
النَّبَإ Аяттар 40
78 : 1

عَمَّ يَتَسَآءَلُونَ

Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда?

Explanation & meanings · 1
  1. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Аллах таала тарабынан алып келген улук кабарлар араб тилинде «Набаь» деп аталат. Бул улук кабарлардын акыйкат экенине далил-белгилер канчалык көп болгонуна карабай, көпчүлүк мушриктер ага ишенишкен эмес жана бири-бирине «Мухаммад айткан нерселер жалган болуш керек-ээ? Сен эмне дейсиң?» деген сыяктуу суроолорду беришкен. Ошондой эле, алардын шектенүүлөрү ар кандай болуп, өз ара талашып-тартышып турушкан. Айрыкча алар Акырет кабарларын жокко чыгарууда көп талашып-тартышышкан. “Набаь” сүрөсү ушул окуяларды чагылдыруу менен башталат.