54 : 45
سَيُهۡزَمُ ٱلۡجَمۡعُ وَيُوَلُّونَ ٱلدُّبُرَ
Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат.
Explanation & meanings · 1
- Бул дагы моожиза аяттардын бири. Анткени, бул аят Меккеде: мусулмандар алсыз болгон маалда түшкөн. Арадан көп өтпөй алар Мединага хижрат кылып, кубаттуу үммөткө айланышат. Алар менен Курайш каапырларынын ортосунда болгон «Бадр» согушунда каапырлар жеңилип, аркасына карабай качышат.