51 : 43
وَفِي ثَمُودَ إِذۡ قِيلَ لَهُمۡ تَمَتَّعُواْ حَتَّىٰ حِينٖ
Жана Самуд (элинин окуясын)да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды.
Explanation & meanings · 1
- Самуд коому өздөрүнө жиберилген Салих пайгамбарга моюн сунбай, кайра азап жөнүндө эскертүү берсе, "ошол азабың каан келет?" деп келекелешти. Аллахтын буйругу менен аларга "үч күн ичип-жеп, жыргап-куунап алгыла" деп айтылды.