Skip to content
الحُجُرَات /

Аят 7

49 : 7

Аят 7 of الحُجُرَات (49 : 7). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

الحُجُرَات Аяттар 18
49 : 7

وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ فِيكُمۡ رَسُولَ ٱللَّهِۚ لَوۡ يُطِيعُكُمۡ فِي كَثِيرٖ مِّنَ ٱلۡأَمۡرِ لَعَنِتُّمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ حَبَّبَ إِلَيۡكُمُ ٱلۡإِيمَٰنَ وَزَيَّنَهُۥ فِي قُلُوبِكُمۡ وَكَرَّهَ إِلَيۡكُمُ ٱلۡكُفۡرَ وَٱلۡفُسُوقَ وَٱلۡعِصۡيَانَۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلرَّٰشِدُونَ

Жана билип алгыла, силердин араңарда Аллахтын элчиси бар! Эгер ал көпчүлүк иштерде силерге моюн сунса, кыйналып каласыңар! Бирок Аллах силерге ыйманды жакшы көргөзүп, аны менен жүрөгүңөрдү кооздоп койду жана силерге каапырчыкты, күнөөнү, (Өзүнө) каршы чыгууну жаман көргөздү. Ушул (сыпаттагы) адамдар гана, туура жолдогу кишилер!

Explanation & meanings · 1
  1. Себеби, пайгамбардын сөзү - бул вахий. Өз кезегинде вахий - бул Аллахтын илими. Аллах инсанияттын өтмүшүн, келечегин жана психологиялык, физиологиялык абалдарын эң жакшы билет. Анткени, Өзү жараткан. Андыктан, пайгамбардын сөзүнө моюн сунганда гана элдер дүйнөдө кыйналбай өмүр сүрөт.