22 : 33
لَكُمۡ فِيهَا مَنَٰفِعُ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى ثُمَّ مَحِلُّهَآ إِلَى ٱلۡبَيۡتِ ٱلۡعَتِيقِ
Силер үчүн аларда (белек-айбандарда) белгилүү мөөнөткө чейин пайдалануу бар. Кийин аларды (союу) адал болгон жай – Эски Үйдүн (Каабанын) айланасы.
Explanation & meanings · 2
- Белгилүү мөөнөт ажылык ибадаты башталган күндөр. Ошого чейин белек (курмандык) айбандарды минип, сүтүн ичип же болбосо жүнүн кыркып алып пайдаланса болот.
- Ал Ибрахим пайгамбардан бери бар болгондуктан «Эски Үй» деп аталат. Ажы мезгилиндеги курмандыктарды (белектерди) Мина өрөөнүндө жана башка Каабага жакын жерлерде сойсо боло берет.