Skip to content
البَقَرَة /

Аят 261

2 : 261

Аят 261 of البَقَرَة (2 : 261). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

البَقَرَة Аяттар 286
2 : 261

مَّثَلُ ٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمۡوَٰلَهُمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ كَمَثَلِ حَبَّةٍ أَنۢبَتَتۡ سَبۡعَ سَنَابِلَ فِي كُلِّ سُنۢبُلَةٖ مِّاْئَةُ حَبَّةٖۗ وَٱللَّهُ يُضَٰعِفُ لِمَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِيمٌ

Мал-дүйнөлөрүн Аллах жолунда сарптаган кишилердин мисалы жети машакты өндүргөн бир дан сыяктуу. Ар бир машакта жүздөн дан болот. Аллах каалаган пендесине (ушул сыяктуу) көбөйтүп берет. Аллах(тын пейили, илими) Кенен (жана) Билүүчү.

Explanation & meanings · 1
  1. Аллахтын дининин өнүгүүсү үчүн болобу, же муктаж, кембагал, мусапыр адамдарга жардам катары болобу, эмнеси болсо да Аллахтын ыраазычылыгын тилеп сарп кылынган мал-дүйнө (мүлк) Аллахтын жолунда иштетилген болуп саналат. Бул сыяктуу садакага жети жүз эсе сооп болот. Жана "Аллах каалаган адамына көбөйтүп да берет". Жети жүз эсе көбөйүүнү ушул дүйнөдөгү мүлк-дүйнөсүнө ошончо береке кошулат деп да түшүнсө да болот.