2 : 226
لِّلَّذِينَ يُؤۡلُونَ مِن نِّسَآئِهِمۡ تَرَبُّصُ أَرۡبَعَةِ أَشۡهُرٖۖ فَإِن فَآءُو فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Аялдарынан “ийлаа” кылган күйөөлөр үчүн (эң узун) күтүү мөөнөтү төрт ай. Эгер (ниеттеринен) кайтышса, Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.
Explanation & meanings · 1
- Бир эркек аялы менен чырдаша кетип: “Мен сен менен палан мөөнөткө чейин жатпайм!” деп ант ичсе, бул “ийлаа анты” деп аталат.