18 : 59
وَتِلۡكَ ٱلۡقُرَىٰٓ أَهۡلَكۡنَٰهُمۡ لَمَّا ظَلَمُواْ وَجَعَلۡنَا لِمَهۡلِكِهِم مَّوۡعِدٗا
Биз мына бул шаарларды(н элдерин) чектен чыгып каапыр болуп кеткенде (берилген мөөнөт – ырайымды билбей ашынып кеткенде) кыйратканбыз жана кыйроолоруна убакыт белгилегенбиз.
Explanation & meanings · 1
- Кийинки аяттан баштап Аллах таала пайгамбары Муса менен илимдүү, салих пенде Кызырдын икаясына өтөт. Муса алейхис-саламга Аллах таала палан жерде сенден илимдүүрөөк адам бар деп кабар бергенде, ошол адамды көрүүгө (демек илимге) шашылып, кызматкер-жардамчысы Юуша бин Нун деген баланы шаштырып турган жеринен икая башталат.