16 : 87
وَأَلۡقَوۡاْ إِلَى ٱللَّهِ يَوۡمَئِذٍ ٱلسَّلَمَۖ وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ
Ошол күндө алар Аллахка моюн сунуп, кор болуп калышат. Ойлоп тапкан “кудайлары” болсо, жок болуп кетет.
Explanation & meanings · 1
- Бул дүйнөдө пенделер Аллахка шерик кылып сыйынган таш-кудай, жыгач-кудай, адам-кудай жана башка ар түрдүү жалган кудайларды Аллах таала тозокко таштоо менен жок кылат.