11 : 74
فَلَمَّا ذَهَبَ عَنۡ إِبۡرَٰهِيمَ ٱلرَّوۡعُ وَجَآءَتۡهُ ٱلۡبُشۡرَىٰ يُجَٰدِلُنَا فِي قَوۡمِ لُوطٍ
Ибрахимдин кооптонуусу тарап, ага куш кабар келгенде Биз (жиберген периштелер) менен Лут коому жөнүндө талаша баштады.
Explanation & meanings · 1
- Ал агасынын баласы Луттан кабатыр болуп: “Акыры, ал жерде Лут бар го!” дегенде, периштелер “ким бар экенин биз жакшыраак билебиз. Биз аны жана үй бүлөсүн куткарабыз, бир аялынан башкасын” деп жооп беришет.