عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Калган булактарды көрсөтүү
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (46)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге муктаждыктардын башында айтылчу кутпаны минтип үйрөткөн: "Алкыш-мактоолор Аллахка болсун. Андан жардам сурайбыз жана кечирим тилейбиз. Напсибиздин жамандыгынан сактоону Өзүнөн суранабыз. Аллах кимди туура жолго салса, аны адаштыруучу жок. Ал кимди адаштырса, аны туура жолго салуучу жок. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем. "О, адамдар! Силерди бир жандан жаратып, андан жубайын жаратып, ал экөөнөн көп эркек жана аялдарды тараткан Раббиңерден корккула! Анын аты менен жана туугандыктан сурала турган Раббиңерден корккула!" (Ниса, 1-аят). "О, ыймандуу пенделер! Аллахтан чыныгы коркуу менен корккула жана мусулман болмоюнча өлбөгүлө!" (Аалу Имран, 102-аят). "О, ыймандуу пенделер! Аллахтан корккула жана туура сүйлөгүлө! Аллах силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, чоң утушка жетет". (Ахзаб, 70-71-аяттар).
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيالأدعية المأثورة، أحكام خطبة وصلاة الجمعة، أحكام وشروط النكاحموضوعات الحديثالذِّكْر، أحكام الأسرة، التقوى، صلاة الجمعة
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нерсени айтып: «Ал илим жок боло турган кезде болот» - деди. Мен айттым: «Оо, Аллахтын Элчиси, илим кандай жок болот. Биз Куран окуйбуз, балдарыбызга да окутабыз жана балдарыбыз да балдарына окутушат. Ушинтип Кыяматка чейин окубайбызбы?». Ал айтты: «Апаң сени жоготкур Зияд! Мен сени Мадинадагы илимдүү кишилерден деп билемин. Чындыгында, яхудийлер жана христиандар Тоорат менен Инжилди окушат эмесби, бирок андагы нерселердин бирин да аткарышпайт?!».
Сахих лигойрихи (башка дагы жакшы айтымы бар жакшы хадис). Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل العلم، فضائل أعمال القلوب، فضائل أعمال الجوارح، أشراط الساعةموضوعات الحديثأشراط الساعة
«Аллах таала үчүн дубадан артык эч нерсе жок».
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الدعاءموضوعات الحديثالدعاء
"Дүнүйөгө кызыкпа - Аллах сени жакшы көрөт. Адамдардын колундагы нерселерге кызыкпа - адамдар сени жакшы көрөт".
Имам Навави: "Хасан хадис", - деген. Ибн Маажа ж.б. хасан иснаддар менен риваят кылган
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، الزهد والورع
Мен ансарлардан болгон бир топ аялдар менен Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) байъат кылуу (убада берүү) үчүн келдим. Биз: "Оо, Аллахтын элчиси! Биз сага, Аллахка эч нерсени шерик кылбоого, уурулук кылбоого, зынаа кылбоого, бирөөдөн бала арттырып эрине таңуулабоого жана жакшы иштерге буюрганыңда сага каршы чыкпоого убада беребиз" - дедик. Ал: "Күчүңөр жетишинче жана чамаңар келишинче" - деди. Ал (аял) айтты: Биз: "Аллах жана Анын элчиси бизге мээримдүүрөөк. Кел, сага кол берип убада берели, оо, Аллахтын элчиси!" - дедик. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Чындыгында, мен аялдар менен кол алышпайм. Менин жүз аялга айткан сөзүм бир аялга айткан сөзүмдөй, же бир аялга айткан сөзүмө окшош" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعيالعلاقة بين الرجل والمرأة
Мен Сафван бин Ассал ал-Мурадийге маасыга масх тартууну сураганы бардым. Ал мага: "Зирр, бул жакка эмне үчүн келдиң?" - деп сурады. Мен: "Илим издеп" - дедим. Ал: "Ырасында, периштелер илим талап кылуучунун ишине ыраазы болуп, ага канаттарын төшөйт" - деди. Мен: "Чоң жана кичи даарат ушаткандан кийин маасыга масх тартуу маселеси көкүрөгүмдү өйүп жатат. Сен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынын бирисиң, мен сенден: анын бул тууралуу бир нерсе айтканын уктуң беле? - деп сураганы келдим" - дедим. Ал: "Ооба, биз сапарда же жүргүнчү болгондо, ал бизге маасыларыбызды үч күн, үч түн чечпөөнү буйручу. Жунуп болгондо гана чеччүбүз, бирок чоң даараттан, кичи даараттан жана уйкудан улам чеччү эмеспиз" - деди.
Мен: "Пайгамбардын сүйүү тууралуу бир нерсе айтканын уктуң беле?" - дедим. Ал минтти: "Ооба, биз Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болчубуз. Биз анын жанында турганыбызда, капысынан бир элеттик адам катуу добушу менен: "О, Мухаммад!" - деп кыйкырды. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын үнүндөй эле үн менен: "Бул жердемин!" - деп жооп берди. Анан биз ал адамга: "Шордуу десе, үнүңдү басаңдат! Сен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанындасың, сага мындай кылууга тыюу салынган!" - дедик. Ал: "Аллахка ант болсун, үнүмдү басаңдатпайм" - деди. Анан: "Бирөө кайсы бир коомду жакшы көрүп, бирок (амалы менен) аларга жете элек (болсочу)?" - деп сурады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кыямат күнү ар бир адам өзү сүйгөн адамдар менен бирге болот" - деди. Анан ал бизге улам сүйлөп отуруп, батыш тараптагы бир эшикти эскерди, анын эки босогосунун аралыгы кырк же жетимиш жылдык жол, же болбосо ал эшикти туурасынан аттуу адам кырк же жетимиш жылда басып өтөт" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالمسح على الخفين ونحوهما
Бир киши Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) суроо берип мындай деди: О Аллахтын элчиси, биз деңизде жүрөбүз. Жаныбызда аз гана суу болот. Эгер ал сууга даарат алсак, ичкенге суубуз жок чаңкап калабыз. Деңиз суусуна даарат алсак болобу? Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Деңиздин суусу таза, өлүмтүгү адал" - деп жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيأحكام المياه
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болдум. Бир күнү жол жүрүп бара жатканда аны жандай бастырып калдым. Анан андан: Оо, Аллахтын элчиси, мени тозоктон алыстатып, бейишке киргизе турган кандай иш бар? – деп сурадым. Ал: “Сен өтө оор ишти сурадың. Бирок Аллах жеңил кылгандар үчүн өтө оңой болот . Аллахка шерик кошпой ибадат кыл, беш убак намазды толук оку, зекетти бер, Рамазан айынын орозосун карма. Аллахтын үйү (Каъбага барып), ажылык милдетиңди аткар” – деп, анан сөзүн кайра улады: “Сага жакшылыктын эшиктери тууралуу айтайынбы? Орозо (тозоктон) калкан; Садага – суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Адамдын түн ортосунда окуган намазы” – деп, бул аятты окуду: “Алардын жамбашы жатчу жайынан алыс болуп, коркуу жана үмүт менен Раббисине дуба кылышат. Биз берген ырыскыдан каржылашат. Эч ким кылган иш-амалдары үчүн аларга жашыруун даярдалып коюлган көз кубанычын билбейт”. Анан кайра мага: “Сага диндин башы, тиреги жана туу чокусу тууралу айтайынбы?” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, айтыңыз – дедим. Ал: “Диндин башы – Ислам; Анын тиреги – намаз; Туу чокусу – Аллах жолунда күрөш” – деди. Анан: “Эми сага ушул айтылгандардын баарынын негизи эмне экенин айтайынбы?” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, айтыңыз – дедим. Ошондо ал тилин кармап көрсөтүп: “Ушуну сакта!” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, биз айткан сөздөрүбүз үчүн да жоопко тартылабызбы? – деп сурадым. Ал: “Энең сени жоготсун, оо Муаз, адамдарды тозокко бети же мурду менен кулаткан нерсе тилинен тапкан күнөөлөрү эмеспи” – деди.
Сахих бимажмуъи тарикихи (бардык тарабынан ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالإسلام