Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 76

Чыпкаларды алып салуу
"О, Аллахтын элчиси, жихадды амалдардын абзели деп билебиз. Жихадга чыкпайбызбы?" Аллахтын элчиси: "Жок, жихаддын абзели - бул, кабыл болгон ажылык" - деп жооп берет.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الحج والعمرة، حكم الجهاد وفضله، فقه المرأة المسلمةموضوعات الحديثالحج والعمرة
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالرقية الشرعية وأحكامها، آداب النوم والاستيقاظ، فضائل السور والآياتموضوعات الحديثأذكار النوم، فضائل السور والآيات
Айшадан: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйдө эмне иш кылат эле? — деп сурадым. Ал: "Үй-бүлөсүнүн мээнетин б.а. кызматын кылчу. Ал эми намаз убактысы келгенде, намазга чыгып кетчү", — деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالعلاقة بين الرجل والمرأة
"Мурдагы пайгамбарлардын сөздөрүнөн адамдарга кеңири тараганы: "Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыла бер" деген сөз".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، الأربعون النووية
Бир киши Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Мага насаат бериңиз» - деп айтты. Ал: «Ачууланба» - деди. Андан кийин кайра-кайра сураганда Пайгамбар: «Ачууланба» - деп кайталады.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، الأربعون النووية
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) доорунда Абдуллах аттуу бир киши бар эле. Анын Химар (эшек) деген лакап аты бар болчу. Ал Аллахтын Элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күлдүрүп турчу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны мас кылуучу ичимдик ичкени үчүн балак уруп жазалаган эле. Күндөрдүн биринде аны дагы алып келишти. Пайгамбарыбыз буйрук берип, ага балак урулду. Ошондо адамдардын арасынан бир киши: «О, Аллах! Ага наалат болсун! Аны улам эле алып келишет го!» - деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ага каргыш айтпагыла! Аллахка ант болсун, мен анын Аллахты жана Анын Элчисин жакшы көрөөрүн билем», - деди.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، آداب الكلام والصمت
«Кийимдин кызыл ашыктан төмөн түшкөн бөлүгү тозокто».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعياللباس والزينة
Али (ага Аллах ыраазы болсун) (динден чыкккан) адамдарды өрттөгөнго буйруган эле. Бул кабар Ибн Аббаска угулганда, ал мындай деди: Эгер мен болгонумда, аларды өрттөмөк эмесмин. Анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Аллах азаптай турган азап менен азаптабагыла». Мен аларды пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким динин алмаштырса, аны өлтүргүлө» деген сөзүнө амал кылып өлтүрмөкмүн.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيحد الردة