Кийимдин кызыл ашыктан төмөн түшкөн бөлүгү тозокто.
- التصنيف الشرعي
- الفقهفقه الأسرة والمجتمعاللباس والزينة
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
«Кийимдин кызыл ашыктан төмөн түшкөн бөлүгү тозокто».
«مَا أَسْفَلَ مِنَ الكَعْبَيْنِ مِنَ الإِزَارِ فَفِي النَّارِ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркектерди денесинин төмөнкү бөлүгүн жапкан көйнөк, шым же башка бардык кийимдерин буттун кызыл ашыгынан ылдый түшүрүп кийүүдөн эскертти. Ал эми кийимин ылдый түшүрүп кийген адамдын бутунун кызыл ашыктан төмөнкү бөлүгү кылган ишине жаза катары тозокто болот.
Эркектерге кийимди кызыл ашыктан ылдый узартууга тыюу салынган жана ал чоң күнөөлөрдөн болуп саналат.
Ибн Хажар айтат: "Изарды (кийимди) жалпысынан ылдый түшүрүп кийүүдөн зарылчылык үчүн ылдый түшүрүү өзгөчөлөнөт; мисалы, кызыл ашыгында жарааты бар адам сыяктуу, эгер аны изары менен жаппаса чымын зыян келтире турган болсо жана андан башка эч нерсе таба албаса."
Бул өкүм эркектерге гана тиешелүү. Анткени аялдар кийимдерин кызыл ашыктан ылдый бир чыканак узундукка чейин түшүрүүгө буйрулган.
Сахих ал-Бухари (7/ 141) (5787).
Сахих ал-Бухари (7/ 141) (5787).
Дагы (4)
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (8/ 418).
ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (23/ 76).
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (8/ 418).
ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (23/ 76).
Китептерде келтирилген
4 КитептерДагы (3)
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 4«مَا أَسْفَلَ مِنَ الْكَعْبَيْن مِنَ الإزارِ ففِي النَّارِ».
- قاموس الكبائرموسوعة الكبائر - المجموعة الخامسة«مَا أَسْفَلَ مِنَ الْكَعْبَيْنِ مِنَ الْإِزَارِ فَفِي النَّارِ»
- مشروع منهاج زادكزادك 3 طالب نهائي«مَا أَسْفَلَ مِنَ الكَعْبَيْنِ مِنَ الإِزَارِ فَفِي النَّارِ»