Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 113

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (56)
"Көңүл бургула! Мен силерге силердин даражаңарды көтөрө турган, Падышаңардын алдында эң таза жана силер үчүн алтын-күмүш садака кылуудан да артык, казатта душманыңар менен беттешип, силер алардын, алар силердин башын кыя чапкандан да артыгыраак ишиңер жөнүндө айтып берейинби?" Алар: "Ооба" - дешти, Пайгамбар: "Ал иш - Аллахты зикир кылуу" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الذكر، فوائد ذكر الله عز وجلموضوعات الحديثالذِّكْر
"Силердин бириңер олтурушка келсе салам берсин, ал эми туруп кетүүнү кааласа дагы салам берсин. Биринчи салам кийинки саламдан акылуурак эмес."
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب السلام والاستئذان
«Кимде-ким (мусулман) бир тууганынын абийирин ал жокто коргосо, Аллах кыямат күнү анын жүзүн тозоктон сактайт».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالمجتمع المسلم، فضائل الأعمال الصالحة، الأخلاق الحميدةموضوعات الحديثموالاة المؤمنين
«Кичине күнөөлөрдөн сактангыла! Анткени кичине күнөөлөрдүн мисалы, бир өрөөнгө келип түшкөн коом сыяктуу. Анан бири бир чырпык алып келет, башкасы да бир чырпык алып келет да, ошентип нандарын бышырып алышат. Чындыгында, кичине күнөөлөр үчүн анын ээси качан суракка тартыла турган болсо, алар аны кыйратат».
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيذم المعاصي
"Эгер суу эки кулла (чоң кумара) чыга турган болсо, ал нажас болбойт"
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيأحكام المياه
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب العطاس والتثاؤب، الهدي النبويموضوعات الحديثالآداب
"Чынында, ыймандуу адам жакшы кулк-мүнөзү менен (күндүзү) орозо туткан, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет".
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدةموضوعات الحديثحسن الخلقمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق
"Жер-мүлктү ашыкча чогултпагыла, антпесе дүйнө жашоосуна берилип кетесиңер."
Хасан ли-гойрихи (башка бир жолдордун эсебинен хасан даражасына көтөрүлгөн хадис). Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا، الفضائل والآداب