Жер-мүлктү ашыкча чогултпагыла, антпесе дүйнө жашоосуна берилип кетесиңер
Абдуллах иьн Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Жер-мүлктү ашыкча чогултпагыла, антпесе дүйнө жашоосуна берилип кетесиңер."
«لاَ تَتَّخِذُوا الضَّيْعَةَ فَتَرْغَبُوا فِي الدُّنْيَا».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жер-мүлк, бакча жана эгин талааларын күтүүдөн тыйган. Анткени бул дүйнөгө кызыгуунун жана акыретти коюп, ага берилип кетүүнүн себептеринен болуп саналат.
Акыреттен жүз бурууга алып бара тургандай дүйнө-мүлктү көбөйтүүгө тыюу салынган.
Хадисте жашоо-тиричиликке керектүү нерселерди табууга тыюу салынбайт. Болгону, дүйнөгө берилип кетүүгө жана акыретти унутууга тыюу салынат.
Синдий мындай деген: "Мындан максат: чарба күтүүгө өтө берилип кетип, аны менен Аллахты эстөөдөн алаксып калбагыла."
Сунан ат-Тирмизи (4/ 155) (2328).
Муснад Ахмад (6/ 54) (3579).
Сунан ат-Тирмизи (4/ 155) (2328).
Муснад Ахмад (6/ 54) (3579).
Дагы (6)
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (331/7).
شرح رياض الصالحين لابن عثيمين (375/3).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (331/7).
شرح رياض الصالحين لابن عثيمين (375/3).