Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 17

Чыпкаларды алып салуу
"Кимде-ким белгиленген жазага татыктуу күнөө кылып, ага бул дүйнөдө жазасы эртелетилип берилсе, анда Аллах акыретте Өз пендесине жазаны кайталоодон алда канча адилеттүү. Ал эми кимде-ким белгиленген жазага татыктуу күнөө кылып, Аллах анын күнөөсүн жашырса жана аны кечирсе, анда Аллах Өзү кечирген нерсеге кайра кайтуудан Улук."
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالحدود
«Чындыгында, силердин Раббиңер — Уяттуу, Берешен. Өзүнө кол көтөрүп дуба кылган пендесинин колун куру кайтаруудан уялат.»
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب الدعاء
«Эң жакшы зикир «лаа илааха иллаллах», жана эң жакшы дуба «алхамду лиллах».
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи менен ан-Насааи "ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأذكار المطلقة، أنواع الدعاءموضوعات الحديثالدعاء، الذِّكْر
"Чынында, жихаддын эң улугу - заалым падышанын алдында адилеттүү сөздү айтуу".
Хасан ли-гойрихи (башка бир жолдордун эсебинен хасан даражасына көтөрүлгөн хадис). Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) саптын артында жалгыз намаз окуган бир кишини көрүп, ага намазын кайра окууну буйруган.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحكام الإمام والمأموم
"Көбү мас кылган нерсенин азы да арам."
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأشربة المحرمة
"Жыргалчылыктарды жок кылуучуну көп эстегиле," б.а. өлүмдү.
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا
Эртең менен таң атырганда ал минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана" Кеч киргенде минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргизебиз. Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана". Кээде: "Кайра кайтып баруу Сага гана" дечү.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи Кубра китебинде жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعيأذكار الصباح والمساء