Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 6

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Жаркырап күн чыгып жаткан күндөрдүн эң жакшысы бул - жума күн. Бул күнү Адам ата жаратылган. Ушул күнү ал бейишке киргизилген. Ушул күнү бейиштен чыгарылган. Кыямат дагы дал ушул күнү болот".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل يوم وصلاة الجمعة، الأنبياء والرسل السابقين عليهم السلام، الحياة الآخرةموضوعات الحديثالإيمان بالرسل عليهم السلام، الإيمان باليوم الآخر، صلاة الجمعة
«Аллах ыймандуу адамдын жасаган жакшылыгынын сыйлыгын бербей коюп зулумдук кылбайт. Ага бул дүйнөдө жакшылыгын жана, акыретте болсо толук сооп-сыйлыгын берет. Ал эми каапыр болсо, бул дүйнөдө кудай деп кылган жакшылыктарына сыйлыгын алат. Ал эми акыретке барганда, ал эч бир жакшылыгынын сообун албайт».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيتوحيد الأسماء والصفات، الحياة الآخرة، الإيمان، الكفرموضوعات الحديثسعة فضل الله عز وجل، الإيمان باليوم الآخرمحاور التعريف بالإسلامعدل الإسلام، الحساب، النجاة بالدخول في الإسلام
"Кыямат күнү азанчылар адамдардын ичинен моюндары эң узуну болушат."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأذان والإقامة، الحياة الآخرة
«Кыямат күнү күн макулуктарга алардан бир мил өлчөмдө калганга чейин жакындатылат». Сулайм ибн Аамир айтты: Аллахка ант ичем, мил деген сөз менен эмнени максат кылганын билбейм: жер бетиндеги аралыктыбы, же көзгө сурма коюучу милдиби (таякчаныбы)? Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Ошондо адамдар кылган амалдарына жараша терге батышат. Алардын арасында тер кызыл ашыгына чейин жеткендери болот, тизесине чейин жеткендери болот, белине чейин жеткендери болот жана тер жүгөн сыяктуу оозуна чейин жетип калгандары болот». Сулайм айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колу менен оозуна ишарат кылды.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالحياة الآخرة
«Чындыгында, силердин араңардан бейиштеги эң төмөнкү орунду ала турган адамга: "Каалаганыңды тиле!" - деп айтылат. Ал каалаганын тилейт жана дагы тилейт. Кийин андан: "Тиледиңби?" - деп суралат. Ал: "Ооба", - деп жооп берет. Ошондо ага: "Сага тилеген нерселериң жана дагы ошончо берилет", - деп айтылат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيصفات الجنة والنار، الحياة الآخرة
“Куру-жалак калган адам ким экенин билесиңерби? ” - деп сурап калды. Куру-жалак калды деп арабыздагы күмүш акчасы да, буюм-терими да жок калган кишини айтабыз деди сахабалар. Аллахтын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чынында, менин үммөттүмдөгү куру-жалак калган адам: кыямат күнү окуган намазы, туткан орозосу, берген зекети менен келет. Ошол эле учурда ал бирөөнү сөккөн, бирөөгө жалаа жапкан, бирөөнүн малын жеген, бирөөнүн канын төккөн, бирөөнү урган сыяктуу жаман иштерин да ала келет. Анан анын жакшы иш-амалдары тигилерге алып берилет. Кокус моюнундагы карызы бүтө электе жакшы амалдары түгөп калса, анда тигилердин жаман иш-амалдары мунун моюнуна жүктөлөт. Андан кийин тозокко ташталат” - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، الحياة الآخرة