Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
الفئة المستهدفة1
حجم المحتوى1
التخريج المتعدد6
التخريج المتعدد: مسلم

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

«Мен каргоочу болуп жиберилген эмесмин, ырайым кылуу үчүн жиберилгенмин».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالهدي النبوي
"Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазын окугандан кийин күн толук чыкканга чейин намаз окуган ордунда отурчу. Ал багымдат намазын окуган ордунан күн чыкмайынча турчу эмес. Күн чыкканда гана ордунан турчу. Сахабалар сүйлөшүп отуруп, жахилият доорундагы иштер тууралуу кеп кылып күлүшчү, ал эми ал жылмайып коёр эле".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالشمائل المحمدية، أحكام المساجد
"О, ыймандуулардын энеси, мага Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү тууралуу айтып бериңизчи". Ошондо ал: "Сен Куран окубайсыңбы?" - деп сурады. Ал: "Окуймун" - деди. "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү Куран эле" - деди Айша энебиз.
Сахих (ишенимдүү) Муслим узун хадис боюнча жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالصفات الخُلُقيةموضوعات الحديثحسن الخلق، متابعة الرسول ﷺمحاور التعريف بالإسلامالتعريف بالنبي محمد صلى الله عليه وسلم
Аллахтын пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Кисрага, Кайсарга, Нажашийге жана ар бир залим өкүмдарга кат жазып, аларды Аллах Таалага чакырган. Бул Нажаший – Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жаназа намазын окуган Нажаший эмес.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيمكاتباته ومراسلاته صلى الله عليه وسلم